Ажылыктын акыркы күнү Сауд Аравиясындагы тепсендиден кыргызстандыктардын эч кимиси каза болуп, жаракат алышкан жок. Кырсык 24-сентябрда Мина шаарында болуп, 700дөн ашык кишинин өмүрүн алып кеткен.

24-сентябрда Аравиянын Мекке шаарынан алыс эмес жерде орун алган тепсендиден улам каза болгондор менен жаракат алгандардын арасында кыргызстандыктардын жоктугу тууралуу Kloop.kgге Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

«Бизде баары жакшы — жаракат алгандар да, каза болгондор да жок», — деп билдиришти мекеменин басма сөз кызматынан.

Муфтияттан учурда Сауд Аравиясында Кыргызстандан барган 4184 зыяратчы бар экенин белгилешти. Алгач республикага ажылык үчүн 4185 квота бөлүнгөн, бирок ажылык маалында кыргызстандыктардын бирөөсү каза болгон. Дин башкармалыгынан билдиришкендей, анын өлүмү «табигый себептерге» байланыштуу болгон.

Тепсенди 24-сентябрда Меккеден алыс эмес жайгашкан Мина шаарында болгон — Сауд Аравиясынын жарандык коргонуу күчтөрүнүн болжолдуу маалыматы боюнча, кырсыктан 717 киши каза болгон. Эл аралык «Рейтерс» маалымат агенттигинин маалыматына ылайык, дагы 863 киши түрдүү даражадагы жаракаттарды алышкан.

«Би-би-си» тепсенди Минага бара жаткан жана ал жерден кайра Меккеге кайтып келе жаткан эки топтон турган адамдардын агымынын биригүүсүнөн улам пайда болгондугун билдирүүдө.

«Андан соң кыймыл башаламан болуп, адамдар эч-учтарын жогото башташкан. Анда Нигерия, Нигер, Чад, Сенегалдан барган жана башка улуттагы зыяратчылар бар болушкан. Адамдар коопсуз жер издеп бири-биринин үстүнө чыгып башташкан, анын жыйынтыгында кээ бирлери каза болушкан», — деп жазган Би-би-си.

«Рейтерс» 24-сентябрдагы бул кырсыкты 1426 зыяратчы каза болгон 1990-жылдын июлунда Меккеге барчу жолдогу туннелде орун алган кырсыктан кийинки эң чоңу экенин белгилөөдө.

Бул акыркы эки апта ичинде Сауд Аравиясында орун алган экинчи кырсык — 11-сентябрда Меккедеги ири мечитке курулуш краны кулап, 100дөн ашык киши каза болуп, дагы 250гө жакын адам жаракат алган.

Жыл сайын миллиондогон мусулмандар Меккеге ажылыкка барышат. Эгер мусулмандын ден соолугу менен каржы мүмкүнчүлүктөрү мүмкүндүк берсе анын ажылыкка баруусу милдеттүү парз.

Быйыл Кыргызстанда ажылык-визалардын баасы 2500 АКШ долларына чейин жеткен.