Кыргызстан «сөзсүз барып келүү керек болгон» 12 өлкөнүн тизмесине кирди — аны норвегиялык жазуучу, журналист жана саякатчы Гуннар Гарфорс түзгөн. Ал өзүнүн 37 жаш курагында дүйнөнүн бардык 198 өлкөсүн кыдырып чыгууга үлгүргөн.

Австралиялык Business Insider сайтына басылып чыккан тизменин түп нускасында Кыргызстан бешинчи катарга жайгаштырылган.

«Суктандырган жаратылышы, көркөм базарлары жана сени сулуу кыздардын бирөөсүн алып кетчү америкалык учкучтардын бири катары кабыл алса да өтө ак-ниеттүү адамдар», — деп жазган Гарфорс Кыргызстан тууралуу.

Гарфорс өз мекени Норвегияда
Гарфорс өз мекени Норвегияда

Ошондой эле саякатчы өлкөдө «дүйнөлүк класстагы арак» сатыла тургандыгын белгилеген.

Кыргызстандан сырткары Гарфорстун тизмесине Румыния, Мадагаскар, Исландия, Вьетнам, Кирибати, Жаңы Зеландия, Никарагуа, Сьерра Леоне, Доминикан Республикасы, Норвегия жана Уругвай өлкөлөрү киргизилген.