Борбордук шайлоо комиссиясы бардык партияларга каршы добуш берүүгө үгүттө үчүн «Шайлоочулардын ассоциациясына» бекер эфирдик убакыт берүүдөн баш тартты.

18-сентябрда «Шайлоочулардын ассоциациясынын» башчысы Бакыт Керимбеков парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялардын бардыгына каршы добуш берүүгө үгүттө үчүн эфирден бекер убакыт берүү өтүнүчү менен Боршайкомго кайрылган.

«Бүгүнкү күндө эл партиялык диктатура үчүн эмес, а элдик бийлик үчүн, ошондуктан алар бардыгына каршы добуш беришет. Талапкерлер тарабынан бардык жерлерде үгүт иштери жүрүп жаткан чакта элдин баарына каршы добуш берүүгө үгүттөө үчүн эфирден убакыт талап кылуусу логикалуу», — деди Керимбеков.

Анын айтымында, 28-сентябрда комиссия анын өтүнүчүн канааттандырбаган жооп берип, эфирден убакыт берүүдөн баш тарткандыгын «Баарына каршы» дегендин талапкер катары катталбагандыгы жана 5 млн. сом өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсүн төлөбөгөндүгү» менен түшүндүргөн.

«Менимче бул БШКнын кезектеги тамашасы, анткени эгер биз документтерди топтоп, 5 млн. сом күрөө төлөгөндө деле бизди баары бар каттоодон өткөрүшмөк эмес, анткени шайлоого саясий партиялар гана катышууга укуктуу», — деп жазган «АКИпресс» агенттиги Керимбековдун айткандарын.

Кыргызстандын мыйзам чыгаруу органын шайлоо 2015-жылдын 4-октябрында өтөт. Бул 2010-жылдын апрелиндеги бийлик алмашуудан кийинки өлкөдөгү экинчи парламенттик шайлоо болот.

Азыр парламенттеги орундар үчүн 14 партия ат салышып жатышат, алардын бешөөсү парламенттин учурдагы чакырылышынын депутаттарын түзүшөт. Жалпысынан Жогорку Кеңеште 120 орун бар.