«Талибан» кыймылынын согушкерлери 29-сентябрда Ооганстандын түндүгүндөгү эң ири шаарлардын бири болгон Кундуз шаарын толугу менен басып алышты. Ал Тажикстан менен болгон чек арадан болжол менен 60 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Ооган аскер кызматкерлери өлкөдөгү эң ири шаарлардын бириндеги көзөмөлүн жоготконун ырасташты, деп билдирүүдө «Би-би-си». Алардын айтымдарында, учурда өкмөттүк аскерлердин көзөмөлүндө жергиликтүү аба майдан гана калды.

Кундуз Ооганстандын түндүгүндөгү ошондой эле аталыштагы провинциянын административдик борбору болуп эсептелет. Анда стратегиядык маанидеги бир нече жолдор кесилишет, а аймактын өзү Тажикстан менен чектеш жайгашкан — шаарды чек арадан болгону 60 чакырымга жакын аралык бөлүп турат.

Ооган аскерлери талибдердин ийгилигинин себеби катары күтүүсүздүк эффектин аташты.

Deutsche Welle согушкерлер губернатордун резиденциясы менен полиция башкармалыгын басып алышып, аймактык кеңештин жана жергиликтүү радиостанциянын имаратын өрттөп жибергендиктерин билдирүүдө.

Ооганстандын коопсуздук күчтөрү чабуулга каршы чабуулга өткөнгө камданып жатышат — учурда алар кошумча күчтүн келишин күтүшүүдө.

Талибдер Кундузга чабуулун 28-сентябрда башташкан — ага бир нече жүздөгөн согушкерлер катышышкан. Кечке жакын алар шаардын жарымынан көбүн, а андан соң аны толугу менен басып алышкан.

Учурда Кундуздун борбордук бөлүгүндө «Талибандын» желеги илинген. Согушкерлер шаарды басып алуу маалында алынган ооган бронетехникаларынын сүрөттөрүн интернетке жайгаштырып жатышат.

Бул талибдердин 2001-жылдан берки (АКШ башында турган эл аралык коалиция «Талибанга» каршы Ооганстанда операция баштаган мезгилден берки) мындай масштабдагы биринчи ийгилиги.

«Талибан» — 1994-жылы Ооганстанда пайда болгон ислам кыймылы. Талибдер Ооганстанды 1996-жылдан 2003-жылга чейин башкарып турушкан. 2003-жылы БУУ «Талибанды» террористтик уюм деп тапкан.

АКШда болгон 2001-жылдын 11-сентябрындагы теракттан кийин эл аралык операциянын жүрүшүндө талибдердин Ооганстандагы режими кулатылган. Алар көмүскөгө кетишип, жарым-жартылай пакистандык Вазиристан аймагына чегинишкен. 2004-жылы анда өз бийлигин орнотушкан. 2006-жылы «Талибан» ал аймакта Вазиристан Ислам Эмиратын түзгөндүгү тууралуу жарыялаган.