Сурамжылоого катышкан кыргызстандыктардын 70 пайыздан ашыгы Кыргызстандагы коррупцияга каршы күрөш натыйжасыз жүрүп жатат деп эсептешет — мындай маалыматтар Эл аралык республикалык институттун (IRI) изилдөөсүндө көрсөтүлгөн.

IRIдын изилдөөсү 25-сентябрда жарыяланган — анда график түрүндө 1500дөн ашык кыргызстандыктын алдыдагы парламенттик шайлоо, экономика, өлкөнүн көйгөйлөрү жана коррупция тууралуу берген жооптору көрсөтүлгөн.

Жоопторго ылайык, сурамжылангандардын 90 пайыздан ашыгы коррупцияны Кыргызстандагы олуттуу көйгөй деп эсептешет. Кыргызстандыктар өлкөдөгү эң коррупциялашкан институт деп жол милициясын, жогорку окуу жайларды жана медицина мекемелерин аташкан.

korr01

Сурамжылангандардын көпчүлүгү — 71 пайызы — кыргыз өкмөтү коррупцияга каршы күрөшүү үчүн жетишсиз чараларды көрүп жатат деп эсептешкен. Институттун изилдөөсүнө ылайык, сурамжылангандардын 24 пайызы коррупцияга каршы күрөшүү өлкөнүн өнүгүүсүнө түрткү болорун айтышкан.

korr02

korr03

Кыргызстандын бийлиги 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин чиновниктердин кызмат абалдарынан ашыкча пайдаланышына каршы аёосуз күрөш жарыялаган.

Президент Алмазбек Атамбаев 2011-жылы өлкө башчылыгына шайлангандан кийин коррупцияга каршы күрөштү өз саясатынын приоритеттүү багыты деп жарыялаган. Андан бери ал андай мыйзам бузууларга каршы күрөшүү тууралуу тезистерди бир нече жолу кайталап келет.

«Биз Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөштө көп нерселерге жетиштик, бирок дагы көп нерсе аткаруу керек. Бардык деңгээлдердеги коррупциялык көрүнүштөрдү жок кылып, мамлекеттик органдардагы коррупциялык схемаларды жоюу зарыл. Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча иште жеңилдетүүлөр жана кол тийбестер болбошу керек», — деп билдирген өлкө башчысы.

Атамбаев президент болгондон кийин коррупциялык кылмыштар үчүн жогорку кызматтагы чиновниктер жоопко тартылып башташкан — алсак, учурда анын администрация башчысы Данияр Нарымбаев пара алуу боюнча кылмыш ишинде айыпталуучу катары өтүүдө.

2014-жылдын жыйынтыктары боюнча, Кыргызстан Коррупцияны кабылдоо индексинде 14 сапка жогору көтөрүлгөн: эгер 2013-жылы Кыргызстан 150-орунда болсо, 2014-жылы 136-орунга жайгаштырылган. Ал изилдөө жыл сайын Transparency International уюму тарабынан өткөрүлөт жана мамлекеттик сектордогу коррупциянын жайылуу деңгээлин көрсөтөт.

Партиялар: күрөш туура эмес жүрүүдө

Парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялардын (алардын жалпы саны 14) бир бөлүгү өз программаларына коррупцияга каршы күрөшүү убадаларын жазышкан.

Мисалы, башында оппозиционерлер турган «Республика — Ата-Журт» партиясы жолдорду пара алуулардан тазалоону убадалап жатат.

«Өткөн жылы айып пул катары бюджетке 114 миллион сом түшкөн. […] Эгер ар бир айдоочу айына 300 сомдон төлөйт деп эсептегенде эле жылына 4,5 млрд сомдук сумма болот. Мына коррупциялык схема деген кайда», — деген партиянын теңтөрагасы Өмүрбек Бабанов.

«Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы» тарабынан сурамжыланган 8 партиянын бешөөсү коррупцияга каршы күрөш туура эмес ыкмалар менен жүрүп жатат деп жооп беришкен.

«[…] прокуратура органдары жалпысынан репрессиялык орган имиджине ээ болуп калды. Бул көбүнчө мурдагы башкы прокурордун эпсиз жетектөөсүнөн улам болду деп ойлойм» , — деп билдирген «Азаттык» партиясынан талапкер Динара Ашимова kloop.kg өткөргөн дебат маалында берилген суроого жооп берип жатып.

Коррупцияга каршы күрөш боюнча бийликтин чараларына ыраазы болгондордун арасында — президенттик социал-демократтар партиясы (КСДП), бизнесмен Аскар Салымбековдун «Бүтүн Кыргызстан — Эмгек» партиясы жана депутат Бакыт Төрөбаевдин «Өнүгүү-Прогресс» партиялары болушкан.