Эл аралык Visa төлөм системасы Кыргызстанда контактсыз payWave карталар системасын ишке киргизүүдө. Эми кыргызстандыктар сатып алган буюмдары үчүн пин-кодду жазбастан эле картаны терминал аркылуу өткөрүп төлөй алышат.

Visa системасынын Кыргызстандагы өкүлдөрү менен «Демир Банктын» жетекчилери контактсыз төлөмдөр системасын 29-сентябрда Бишкекте тааныштырышты.

payWave системасы карта ээлерине сатылып алынган буюмдар үчүн төлөмдү пин-код жазуу же кол коюп ырастабастан эле картаны атайын терминалдан өткөрүү менен гана жүргүзүүгө мүмүндүк берет.  

Адатта банктар жогоруда айтылган технологиянын жардамы менен ишке ашырылчу төлөмдөрдүн максималдуу суммасын бекитишет: мисалы, Орусияда payWave системасынын жардамы менен бир жолкусунда картадан 1000 рублден ашык эмес сумманы алууга болот, Казакстанда — 4000 тенге, а Өзбекстанда — 25 АКШ долларынан көп эмес сумманы.paywave

Кардардын payWave системасы менен төлөшү үчүн сатуучу ал технологияны колдой турган атайын терминалдарга ээ болушу керек. Андай терминалдар (карталардын өзүлөрү сыяктуу) атайын белгилер менен белгиленишет — аны айырмалап табуу кыйла жөнөкөй: ал оңду көздөй 90 градуска айлантылган wi-fi белгисине окшош.

«Демир Банк» Visa Electron payWave карталарын бекер чыгарып, Кыргызстандын соода-сервистик ишканаларына контактсыз төлөмдөрдү колдой турган терминалдарды орнотууну пландап жатат.

«Visa payWave сатып алынган буюмдар үчүн тез, ыңгайлуу жана коопсуз төлөм жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. […] Өзүнүн бул инновациясынын арты менен технология дүйнөнүн 50дөн ашык өлкөсүндөгү кардарлардын арасында популярдуулукка ээ боло алды», — деди Visaнын Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү өкүлү Галым Табылдиев.

«Демир Банктын» башкы менеджери Шевки Сарылар жаңы системаны колдонуу менен сатып алууларды карта аркылуу төлөө «ыңгайлуу жана коопсуз» болорун белгиледи.

«[…] Биздин кардарлар соода-сервистик түйүндөрдө жана онлайн жүзүндө ыңгайлуу жана коопсуз төлөмдөрдү жүргүзө алышат», — деди Сарылар.