Украинанын Донецк облусунда MH17 каттамынын кулап түшүшү боюнча эл аралык иликтөөнүн жыйынтыктары 13-октябрда белгилүү болот. Малайзия аба жолдорунун учагы Амстердамдан Куала-Лумпурга учуп бара жаткан маалда 2014-жылдын июлунда атылып түшүрүлгөн болчу.
Баяндаманын жарыялана турган датасы жөнүндөгү билдирүү Украинанын президенти Петр Порошенконун сайтына чыкты — ага ылайык, иликтөөнүн жыйынтыктары 13-октябрда жарыяланат. Буга чейин Нидерланды бийлиги жыйынтыктардын жарыялана турган күнү катары башка датаны — 15-октябрды айтышкан болчу.
Азырынча баяндама жарыялана турган күндүн өзгөрүлүшүнүн себептери такталбай эле. Иликтөө жүргүзгөн эл аралык комиссиянын курамында Украина, Нидерланды, Австралия, Бельгия жана Малайзия өлкөлөрү бар.
«Малайзия аба жолдорунун» MH17 каттамындагы учагы 2014-жылдын июлунда, бир жылдан ашык убакыттан бери украин армиясы менен орусиячыл жикчилдердин ортосунда куралдуу кагылышуулар болуп жаткан Украинанын Донецк облусунда атылып түшүрүлгөн.
Анда учактагы 298 кишинин бардыгы тең каза болушкан.
Украинанын жаңы бийлиги учактын кулашына таанылбаган «Донецк элдик республикасынын» жикчилдерин айыпташкан — Киевдин версиясы боюнча, донецктик жикчилдер учакты Орусиядан алган зениттик-ракеталык комплекс менен жаңылыш түрдө атып түшүрүшкөн.
Жикчилдердин өзүлөрү учактын кулап түшүшүн 2014-жылдын февралында орусиячыл президент Виктор Янукович бийликтен кеткенден кийин келген расмий украин бийлигинин чагымы деп эсептешүүдө.
Өз кезегинде Орусия Янукович бийликтен кеткенден кийин Украинанын борбордук бийлигине каршы куралдуу кагылышууларды жүргүзүп жаткан өлкөнүн чыгыш облусундагы жикчилдерге курал-жарак бергенин четке кагып келет.