ИИМдин басма сөз кызматынын оператору ыкчам видеодогу кадрларды интернетке жайгаштырам деп коркутуу менен шектүүлөрдөн акча талап кылгандыгын четке кагууда. Алардын ортосундагы сүйлөшүү жаздырылган тасма интернетке жарыяланды. Оператордун өзү анын «монтаждалгандыгын» айтууда.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматынын өкүлү менен белгисиз адамдардын ортосундагы сүйлөшүү жазылган тасма жарандык активист Болот Ибрагимовдун YouTube сервисиндеги каналында 30-сентябрда пайда болду.

Анда тасманын «анонимдүү негизде алынгандыгы» көрсөтүлгөн.

Тасмада өзүн ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү деп тааныштырган адам ыкчам видеодогу кадрлардын интернетке жарыяланбашы үчүн жол эрежесин бузган деп шектелип жаткандардан акча талап кылгандыгы жаздырылган.

«Мен ИИМдин басма сөз кызматкеримин… Беш каналга жана ондогон сайттарга чыгарам», — деген ал тасмада.

Анда басма сөз кызматтын өкүлүнүн белгисиз адамдар менен кайсыл бир сумма боюнча бир пикирге келүүгө аракет кылып жатканы угулуп турат — ал эки миң жана үч миң сом деген суммаларды айткан.

«Эки даана деп сүйлөштүк. Чынында мен мындай видеолорду кеминде [анча түшүнүксүз] бакска сатам», — деген басма сөз кызматтын өкүлү.

ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Улан Сейталиев Kloop.kgге курган маегинде жаздырып алынган телефон сүйлөшүүсүндө үндүн ага таандык экенин ырастады. Бирок анын айтымында, ал аудио «монтаждалган».

Сейталиев ал сүйлөшүүсүндө шектүүлөр андан видеону интернетке «чыгарбоосун» өтүнүшүп, а ал болсо тасманы жарыялай тургандыгын айткандыгын билдирди. Айтымында, ал акча талап кылган эмес, а жөн гана алардын «административдик айып пул» төлөөсүн өтүнгөн.

«Мен аларга административдик айып төлөсөңөр анан өчүрөм дегем. Менин эки даана дегеним — административдик протокол», — деп түшүндүрдү Сейталиев Kloop.kgге курган маегинде.

Анын айтымында, сүйлөшүү тууралуу кеп болуп жаткан тасма «Рейддин жүрүшүндө Бишкекте мас айдоочу кармалды» деген аталышта 10-сентябрда kabarlar.kg сайтына жарыяланган.

Азырынча ИИМдин Жеке коопсуздук башкармалыгы сыяктуу эле мекеменин басма сөз кызматынын калган өкүлдөрү менен да байланышууга мүмкүн болгон жок.

Болот Ибрагимов Kloop.kgге курган маегинде Сейталиевдин катышуусундагы тасманын качан жана ким тарабынан жаздырылгандыгын билбестигин айтты.

«Мен болгону сүрөттөгү адамдын ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү экендиги, а тасмада көрсөтүлгөн номурдун ошол чалган номур экендиги тууралуу ырастама алдым», — деп түшүндүрдү Ибрагимов.

Сүрөт Сейталиевдин Фэйсбуктагы баракчасынан алынды