Шайлоо алдындагы үгүт иштери үчүн 4-сентябрдан 28-сентябрга чейин «Өнүгүү-Прогресс» партиясы баарынан көп — 108 млн. сом коротту. Мындай маалымат БШКнын акыркы отчетунда көрсөтүлгөн. Жалпысынан 14 партия биригип 637 млн. сом жумшашкан.

Партиялардын 24 күн ичинде үгүт иштерине короткон каражаттары боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын отчетуна ылайык, баарынан «Өнүгүү-Прогресс» (108 млн. сом) жана «Республика — Ата-Журт» (105 млн. сом) партиялары көп каражат кетиришкен.

Мекеменин маалыматы боюнча, көрсөтүлгөн күнгө карата партиялардын каражаттарынын негизги бөлүгү төмөндөгү чыгымдар үчүн жумшалган:

  • телеканалдар аркылуу үгүт иштерин жүргүзүү;
  • басма жүзүндөгү үгүт материалдарын чыгаруу;
  • юридикалык жактардын кызматтары үчүн төлөө.

поступления — партиянын атайын эсебине келип түшкөн сумма;
расходы — партия тарабынан шайлоо алдындагы үгүттөө иштерине жумшалган сумма;
остаток — партиянын атайын эсебинде калган сумма.

Партиялар азыр эле 2010-жылдагы парламенттик шайлоолорго караганда дээрлик 200 млн. сомго көп каражат коротууга жетишишкен. Анда шайлоого катышкан 29 партия биригип үгүт иштерине 450 млн. сом жумшашкан болчу.

Алдыдагы парламенттик шайлоого катышып жаткан кыргыз партиялары 2-октябрга чейин үгүт иштерин жүргүзө алышат — ал эми 3-октябрь, тактап айтканда, добуш берүүнүн мурдагы күнү «жымжырттык күнү» болгондуктан үгүт иштерине тыюу салынат.

Сүрөт: Алмаз Ысман /«Азаттык» радиосу.