Биринчи май райондук соту «Республика — Ата-Журт» партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиевди парламенттик шайлоодон четтеттүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин күчүндө калтырды. Партия аталган чечимди жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылган болчу. Парламенттик шайлоонун өзү 4-октябрда өтөт.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Алмаз Калыбаев «Республика — Ата-Журттун» талапкери Камчыбек Ташиевди парламенттик шайлоодон четтеттүү боюнча БШКнын чечиминен мыйзам бузууларды тапкан жок.

Анын айтымында, партиянын БШКнын калыстыксыз мамилеси тууралуу дооматтары «негизсиз».

Соттун пикиринде, «Республика — ­Ата-Журт» партиясынын теңтөрагасынын шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы тууралуу БШКнын 28-сентябрдагы токтому «негиздүү жана мыйзамдуу» болуп эсептелет.

Сот жыйынында партиянын жактоочусу Айжан Орозакунова БШК Ташиев боюнча чечим кабыл алууда «бардык ченемдердин чегинен чыккандыгын» билдирди. Айтымында, бул маселени чечүү менен БШК кылмыш ишине дээрлик баа берип койду — анын пикиринде, бул Боршайкомдун милдеттерине кирбейт.

Сотто «Республика — Ата-Журттун» БШКдагы өкүлү Атыра Абдрахматова анда Ташиевге жана партияга «калыстыксыз» мамиле болгонун айтты. Ал партиянын теңтөрагасын шайлоодон четтеттүү маселеси чечилип жатканда ага сөз бербей койгондуктарын айтты.

БШКнын өкүлү Рашид Бекбасаров комиссиянын калыстыксыз мамилеси тууралуу «Республиканын» дооматтарын четке какты. Ал алар чечим кабыл алууда талапкерлердин «мушташы» фактысы боюнча Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан козголгон кылмыш ишинин материалдарына таянгандыктарын айтты.

Анын айтымында, БШК ал иш боюнча тергөөнүн аякташын күтө алган эмес, ошондуктан Ташиевди шайлоодон четтеттүү чечими кабыл алынган.

Жыйындан соң Абдрахматова Kloop.kgге курган маегинде «Республика» соттун 30-сентябрда кабыл алган чечими боюнча Жогорку сотко даттана тургандыгын айтты.

«Биз бул чечим процессуалдык жана материалдык укуктарды бузуу менен кабыл алынды деп эсептейбиз. БШКнын токтомунда көрсөтүлгөн дооматтар менен фактылар документ жүзүндө ырасталган эмес, бардыгы бир тараптуу болгон», — деди ал.

Атыра Абдрахматова БШКнын чечими «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын мүчөлөрүнүн көрсөтмөлөрүнүн негизинде гана кабыл алынгандыгын белгиледи.

Ал ортодо Боршайкомдун төрагасы Туйгунаалы Абдраимов маалымат жыйынында комиссиянын чечимин түшүндүрүп берди.

«Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелеринин бузулушу жана үгүт жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу талапкерди шайлоодон четтеттүүгө негиз болуп эсептелет. Ал эми анын [Ташиевдин] [«Өнүгүү-Прогресс» партиясынын талапкеринин] бир же эки кабыргасын сындыргандыгы, же башын жаргандыгы менен укук коргоо органдары алектенсин, сот тиешелүү чечим чыгарсын», — деди Абдраимов.

Талапкерлердин «мушташы»

Ташиев шайлоо жарышынан 28-сентябрда четтетилген. Башкы себеп катары саясатчынын эки күн мурун «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын талапкерин «сабагандыгы» себеп болгон. Өз кезегинде «Республика — Ата-Журт» партиясы БШКнын чечимин мыйзамсыз деп эсептөөдө.

Парламенттик шайлоонун өзү ушул жылдын 4-октябрында өтөт. Депутаттык мандаттар үчүн 14 партия ат салышууда. Бул 2010-жылдын апрелиндеги бийлик алмашуудан кийинки мыйзам чыгаруу органына болгон экинчи шайлоо болот.

Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгы (ИИБ) Ташиевдин «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын талапкери Абдыманап Абдыбахаповду «сабагандыгы» тууралуу 26-сентябрда билдирген.

Мекеменин билдирүүсү боюнча, окуя 26-сентябрь күнү күндүз болгон. Милиция «мушташ» Абдыбахапов тарабынан Ташиевдин дарегине айтылган «терс билдирүүлөрдөн» улам келип чыккан.

«Кийинчерээк К.Ташиев тарапташтарынын коштоосунда «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын Сузак районунун Бек-Абад шаарындагы штабына барып, оппонентинин саламаттыгына зыян келтирген», — деп билдиришкен Жалал-Абад ИИБсинен.

Милициянын билдирүүсү боюнча, Жалал-Абад облустук ооруканасынын дарыгерлери анын анын «канталап көгөргөн жерлерин, мээсинин чайкалганын жана оң кабыргасынын сынган болушу мүмкүндүгүн» аныкташкан.

ИИБден жаңжал фактысы боюнча «Бейбаштык» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгонун, бирок анын катышуучуларынын күнөөлөрүнүн даражасы тергөөнүн жүрүшүндө такталарын билдиришкен.

Ташиев тарабынан Абдыбахаповдун «сабалгандыгы» тууралуу маалыматтар чыккандан кийин«Республика — Ата-Журт» ЖМКлар аркылуу партиянын шайлоо фондунан төлөнгөн билдирүүлөрдү тараткан. Ал билдирүүлөргө ылайык, Ташиев башка партиянын талапкеринин «денесине эч кандай залал келтирген эмес».

«Абдыбахапов тарабынан сөз жүзүндө чагымдар болгон, бирок Ташиев тарабынан  анын денесине эч кандай залал келтирилген эмес — «Республика – Ата-Журт» партиясынын теңтөрагасы сөздү улантууну өз кадыр-баркынан төмөн түшүү деп эсептеп, жолугушуу болгон жерден кетип калган», — деп жазылган партиянын билдирүүсүндө.

Тема боюнча:

«Республика — Ата-Журт» Ташиевдин шайлоодон четтетилишинен улам митинг өткөрбөстүгүн убадалады [+ видео].

ЖМКлар: Ташиевди «шайлоодогу алдамчылыктар» жөнүндө айткандары үчүн да четтетишти