Боршайком «Бүтүн Кыргызстан — Эмгек» партиясынын теңтөрагасы Адахан Мадумаров тууралуу сюжет үчүн «Ата-Мекен» партиясы менен КТРКга эскертүү берди. Сюжетте Мадумаровду Бакиевдер менен байланышы бар жана 2010-жылдагы революциянын катышуучуларын кемсинткен деп «айыпташкан».

1-октябрда Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы бир нече күн мурда өлкөнүн башкы каналынан көрсөтүлгөн атайын репортаж үчүн «Ата-Мекен» партиясы менен КТРКга эскертүү берди.

Материалдын эфирге чыгышы үчүн «Ата-Мекен» партиясы акча төлөп, ал «Бүтүн Кыргызстан — Эмгектин» теңтөрагасы Адахан Мадумаровго арналган.

БШКнын мүчөсү Рашид Бекбасаров репортажда Мадумаров тууралуу белгилүү фактылардын көрсөтүлгөнү менен видеотасманы «бир тараптуу» даярдалган деп эсептейт.

«Видеоматериал эфирге берилгенге чейин БШК менен макулдашылбагандыктан «Ата-Мекен» саясий партиясы менен КТРК эскертүү алышты», — деди Бекбасаров.

КТРКнын эфиринде көрсөтүлгөн репортажда Мадумаров мурдагы президенттин бир тууганы Жаныш Бакиевди туулган күнү менен куттуктап, ага чапан жаап жатканы көрсөтүлгөн архивдик кадрлар пайдаланылган.

Ал кадрлар Мадумаров менен «Ата-Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаевдин ортосундагы дебаттан алынган үзүндүлөр менен коштолгон. Анда Текебаев «Бүтүн Кыргызстан — Эмгектин» теңтөрагасын Курманбек Бакиев менен байланышы бар деп да айыптаган.

«Ата Мекенден» репортаждын эфирге берилиши партиянын шайлоо фондунан төлөнгөндүгүн ырасташты, бирок алар материалда Мадумаровду «каралаган» эч нерсе болгон эмес деп эсептешет.

«Репортаж балансталган болчу жана эч ким эч кимди каралаган эмес», — деди партиянын басма сөз катчысы Кайыргүл Урумканова.

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынан да Мадумаров тууралуу репортаждын бир нече күн мурун КТРКнын эфиринен көрсөтүлгөнүн ырасташты. Бирок каналдын өкүлдөрү «атайын репортаж» деп аталган ал материал «Ата-Мекендин» өзү тарабынан даярдалгандыгын билдиришти.

«Ал партиянын өзүнүн үгүт материалы жана мыйзам боюнча биз талапкерлердин үгүт маалыматтарына кийлигишүүгө укугубуз жок», — деди КТРКнын редакциялык кеңешчиси Тамара Валиева Kloop.kgге курган маегинде.