Кара-Жыгач айыл аймагынын башчысы Kloop.kgге 2-октябрдагы атайын операциянын жүрүшүндө үч киши кармалгандыгын билдирди. УКМКдан теракт уюштурууга шектелген бир адамдын кармалгандыгын билдирип жатышат ― мындай маалыматтар «Ала-Тоо» совхозундагы атышуу тууралуу жаңылык пайда болгондон кийин айтылууда. 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет пресс-релизинде кармалган адам Кыргызстандын 43 жаштагы «К.Л.» аттуу жараны экенин жазган ― анда анын «эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү» болуп эсептелери көрсөтүлгөн.

«[Кармалган адам] өз алдынча колго жасалган жарылуучу заттарды колдонуу менен аймакта бир нече террористтик актыларды жасоону пландап жаткан», ― деп жазылган УКМКнын билдирүүсүндө.

Атайын кызматтагылардын маалыматы боюнча, колго түшүрүү маалында анын жанынан «колго жасалган тапанча, ок-дары, согуштук граната, колго жасалган жардыруучу заттардын элементтери, бычактар жана экстремисттик мазмундагы китептер» табылган.

«Үчөө кармалган»

Кара-Жыгач айыл аймалыгынын башчысы Нурлан Тойчубеков операция Кондучалова көчөсүнүн бурчундагы үйдө жана каналдын жээгинде болжол менен саат 9:30дарда болгонун айтты — аймак бир саатка жакын курчоодо турган.

Анын айтымында, операция маалында атайын кызматтагылар үч кишини кармашкан. Ал жергиликтүү тургундардын арасында курмандыктар жок экенин жана эч ким жаракат албаганын кошумчалады.

Операция өткөрүлгөн аймакка жакын жашаган жергиликтүү тургундар аларды эки саат бою үйлөрүнөн чыгарбагандыктарын айтышты.

Алар атайын операциянын жүрүшүндө атышуулардын үнү угулганын, бирок эч ким эмне болуп жатканын билбегендигин айтышты.

УКМК операция өткөн жерде атышуулардын болгондугу тууралуу маалыматтарды четке кагууда.

Жергиликтүү мектептин директору Анара Абдрахманова 2-октябрда сабактар кадимкидей эле өтүлүп баштагандыгын, бирок атышуулар тууралуу маалыматтардан кийин ата-энелер балдарын үйлөрүнө алып кетип баштагандыктарын айтты.

«Менин билишимче анда эч кандай деле атышуу болгон эмес», — деди УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов «Ала-Тоо» совхозундагы атышуулар боюнча түшүндүрмө берип жатып.

Жергиликтүү тургундар Кара-Жыгач айылында жайгашкан «Ала-Тоо» совхозундагы атышуу тууралуу 2-октябрь күнү эртең менен кабарлашкан.

Sputnik агенттиги жергиликтүү тургундарга шилтеме жасоо менен атышуулардын үнү совхоздун аймагындагы суу жээгинен угулгандыгын билдирген.

Чүй облустук ИИББсинен бул маалыматты ырасташты.

«Ал кандайдыр бир машыгуулар же кимдир бирөөлөрдү кармоо болушу мүмкүн, азырынча бизге белгисиз», — деп билдиришти ИИББден Kloop.kgнин кабарчысына.

Башкармалыктан атышуу болгон «Ала-Тоо» совхозунда башка кызматтардын — «УКМК же башка укук коргоо органдарынын»  —  кызматкерлери иштегендиктерин билдиришти.

K-News агенттиги Кара-Жыгач айылында «укук коргоо органдары кылмышкерлерди кармагандыктарын жана анда курал колдонулгандыгын» жазган.

«Ислам мамлекетине каршы» атайын операция

Бул маалымат Бишкекте жана Чүй облусунун Лебединовка айылында өткөрүлгөн атайын операциялардан эки жарым ай өткөн соң пайда болууда.

Ал атайын операциялар 16-июлда өткөрүлгөн — анда анын жүрүшүндө алты «согушкер» — төртөөсү Бишкекте жана дагы экөөсү Лебединовка айылында — жок кылынып, дагы төрт атайын кызмат өкүлдөрү жаракат алышкан болчу.

Кийинчерээк УКМК атайын операция маалында кармалгандар «Ислам мамлекетине» тийиштүү адамдар болгондуктарын билдирген. Атайын кызматтан алар Бишкекте жана Канттагы авиабазада теракт уюштурууга даярданып жаткандыктарын маалымдашкан.

Анда УКМКнын басма сөз кызматы Рахат Сулайманов Kloop.kgге курган маегинде «Ислам мамлекетинин» жергиликтүү уячасын казакстандык Жанбулат Амиров деген адам жетектегендигин айткан.

Анын айтымында, топ Кыргызстанда эки теракт уюштурганы жаткан: бирөөсүн — Бишкектин эски аянтындагы Айт намазы маалында, экинчисин — Канттагы орусиялык авиабазада.

«Согушкерлер жүк ташуу унаасына өз алдынча колго жасалган жардыруучу заттарды койгону жатышкан, ал үчүн 500 килограмм аммиак селитрасын сатып алышкан. Андан соң ал унааны адамдар көп чогулган жерде жардырууну пландашкан», — деп билдирген УКМК өкүлү.

Башкы сүрөт иллюстрациялык мүнөзгө ээ.