Президенттик КСДП партиясы Кара-Кулжа акимчилигинин жергиликтүү мамкызматкерлерди партияны мактоого «үйрөтүп жаткан» кызматкери «өз алдынча аракет кылганын» билдирди.
Кара-Кулжа акимчилигинин кызматкери чогулгандарды социал-демократтар партиясын макстоого үйрөтүп жатканы тартылган видео парламенттик шайлоого «Азаттык» партиясынын тизмесинде талапкер катары катышып жаткан журналист Дайырбек Орунбеков тарабынан 30-сентябрда интернетке жарыяланган.
КСДПнын басма сөз кызматы ал видеого 1-октябрда гана реакция жасады — партиянын версиясы боюнча, акимчиликтин видеого түшүп калган өкүлү «эмгек өргүүсүндө болгон» жана «кызматкерлер арасында партиянын пайдасына өз алдынча үгүт жүргүзүүгө аракет кылган».
«Эгер жер-жерлерде ким бирөөлөр биздин партиянын жеңиши үчүн администрациялык ресурсту колдонгусу келсе, алар түз келаткан ишибизди бүлдүргөн болот. Партия жетекчилиги эч кимден андай жардам сураган эмес», — деп жазылган партиянын билдирүүсүндө.
Социал-демократтар жарыялаган билдирүүсүндө жарандардан бул сыяктуу көрүнүштөр тууралуу партиянын штабына кабарлоону өтүнүшүп, мыйзам бузгандарга «чара» көрүлө тургандыгын убадалашкан.
Азырынча КСДП Кара-Кулжа акимчилигинин кызматкерине карата кандай чараларды көрө тургандыгы белгисиз. Социал-демократтардын штабынан «кийинчерээк жооп беребиз» деп убадалашты.
Акимчиликтин кызматкери Жээнбү Кебекчиеванын өзү «Азаттык» радиосуна берген маегинде видеодогу адамдардын бардыгы тең «партия мүчөлөрү болуп эсептелишээрин» билдирген.
«Ура, ура, жашасын КСДП партиясы” деген ураан нормалдуу эле көрүнүш. Мен учурда эмгек өргүүсүндө жүрөм. Андыктан Кыргызстандын эркин жараны катары кайсы бир партияга иштөөгө укугум бар», — деген ал.
Кара-Кулжа акимчилигинде тартылган видео
Орунбеков Кара-Кулжанын бийлик өкүлдөрүнүн болжолдуу түрдө парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков менен жолугушууга даярданып жаткандыктары тартылган видеону 30-сентябрда интернетке жайгаштырган. Жээнбеков шайлоого президенттик КСДП партиясынан талапкер болуп эсептелет.
Тасмадагы адамдар «Жашасын СДПК партиясы! Ура! Ура! Ура!» деп кыйкырышкан.
Орунбековдун өзү Kloop.kgге курган маегинде видеодогу көрүнүш 29-сентябрь күнү Кара-Кулжанын акимчилигинин имаратында болгонун айтты — өмүр баянындагы маалымат боюнча, Жээнбеков аталган райондо туулуп өскөн.
Журналисттин айтымында, жергиликтүү бийлик мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди чогултуп, эгер алар Жээнбеков менен жолугушууга келбесе «шайлоодон кийин алардын ортосунда олуттуу сүйлөшүүлөр болорун айтып» коркутушкан.
«Аким [Каныбек Алиязов] менен анын орун басары бардыгын чогултуп, «эртең [30-сентябрда] Асылбек Жээнбеков келет. Качан ал: “Биздин ишенимдүү тирегибиз ким?” деп сураганда силер СДПК деп кыйкырышыңар керек», деп айтышты. Аларды жумуштан алып келишип, ушинтип айтууга мажбурлап жатышат», — деп билдирди Орунбеков.
Ал видеону жергиликтүү тургун тартканын кошумчалады, бирок «коопсуздук максатында» анын аты-жөнүн айтуудан баш тартты.
Kloop.kgнин редакциясы бири-бирине көз карандысыз болгон бир нече булактан Кара-Кулжанын бийлиги мамкызматкерлерди Жээнбеков менен жолугушууга баргыла деп айткандыгына ырастама алды. Ал тууралуу Кара-Кулжанын милиционерлеринин бири, жергиликтүү тургун жана аты-жөнүн билдиргиси келбеген күбөлөр айтып беришти.
Белгисиз бойдон калууну каалаган Кара-Кулжанын жашоочусу Kloop.kgге курган маегинде Жээнбеков менен жолугушууга райондун бардык жеринен адамдарды «мажбурлап» алып келишкенин, а чогулуштан соң стадионго жакын жайгашкан кафелерден «бекер тамак бергендиктерин» айтты.
«Партиянын жолугушуусунда адамдардын көп болушу үчүн оорукана кызматкерлерин мажбурлап алып барышты. Ошондой эле ал жакка мектеп мугалимдерин да айлып барышкан», — деди ал.
Кара-Кулжа шайлоо комиссиясынын төрайымы Мырзайым Сагынбаева Kloop.kgге курган маегинде бул маалыматты ырастаган жок.