Жогорку сот «Республика — Ата-Журт» партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиевдин талапкер макамын калыбына келтирүүдөн баш тартты. Ал «мушташка» байланышкан чырдан соң шайлоо жарышынан четтетилген болчу.

Ташиевдин талапкер макамы калыбына келтирилбейт, деп билдирди Жогорку соттун жыйынына катышкан Kloop.kgнин кабарчысы.

«Жогорку сот шайлоодон четтеттүү боюнча Ташиевдин даттануу арызын канааттандырган жок», — деп билдирди кабарчы.

«Республика — Ата-Журт» партиясынын өкүлдөрү алгач БШКнын чечими боюнча Биринчи май райондук сотуна кайрылышкан. Бирок 30-сентябрда райондук сот Боршайкомдун чечимин күчүндө калтырган болчу.

Анда райондук судья Алмаз Калыбаев БШКнын чечиминен мыйзам бузууларды көргөн эмес — анын айтымында, БШКнын калыссыздыгы тууралуу «Республиканын» дооматтары «негизсиз» болгон.

БШК партиянын теңтөрагасын 28-сентябрдагы жыйынында шайлоо жарышынан четтеткен — анда ал чечимдин кабыл алынышын колдоп комиссиянын тогуз мүчөсү добуш берип, экөөсү каршы пикирлерин билдиришкен болчу.

Ташиевдин шайлоо жарышынан четтетилишинин башкы себеп катары саясатчынын «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын талапкерин «сабаган» деген доомат себеп болгон.

Теңтөрагасынын катышуусундагы ал окуя үчүн партия БШКдан эскертүү алган. Ташиев «Республика — Ата-Журт» партиясынын талапкерлер тизмесинде 41-катарда болчу.

Материал жаңыланат.