БШКнын маалыматы боюнча, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо миллиондон ашык шайлоочу добуш берген. Байкоочулар шайлоонун жүрүшүндөгү негизги көйгөйлөрдүн арасынан жабдуулардын ишиндеги мүчүлүштүктөр менен шайлоочулардын тизмесиндеги чаташкандыктарды белгилешүүдө..
Шайлоо күнүндөгү түз эфирдин толук видеосу
Эгерде шайлоодо кандайдыр бир мыйзам бузууларга күбө болсоңуз, анда +996 703 013 814 номерине WhatsApp аркылуу жөнөтүңүз.
// //
Шайлоого кайсыл партиялар барууда?
120 депутаттык орун үчүн жалпысынан 14 саясий партия ат салышууда, алардын бешөөсү парламенттин учурдагы курамында кандай да болсо иштеген. Партиялардын тизмеси:
- «Аалам»
- «Ар-Намыс»
- «Замандаш»
- «Азаттык»
- «Республика — Ата-Журт»
- «Ата Мекен»
- КСДП
- «Өнүгүү-Прогресс»
- Кыргызстан элдеринин конгресси
- «Уулу Кыргызстан»
- «Бүтүн Кыргызстан — Эмгек»
- «Бир Бол»
- «Мекен Ынтымагы»
- «Кыргызстан»
Үгүт иштеринин жүрүшүндө бир катар партиялардын өкүлдөрүнүн ортосунда бир нече чыр-чатактар болгон. Алардын эң белгилүүсү «Республика — Ата-Журт» партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиевдин ысымына байланыштуу.
26-сентябрда Жалал-Абад облусунда Ташиев менен «Өнүгүү-Прогресстин» талапкери Абдыманап Абдыбахаповдун ортосунда «мушташ» болгон. Жергиликтүү милиция «Республиканын» теңтөрагасы Абдыбахаповду «сабагандыгын» билдирген, бирок азырынча расмий түрдө эч кимдин күнөөсү аныктала элек — кылмыш иши конкреттүү адамга эмес, а мушташ фактысы боюнча козголгон. Бирок ошентсе да ал үчүн Ташиев талапкерлер тизмесинен чийилген.
Сентябрда «Республика — Ата-Журттун» талапкери менен «Кыргызстан» партиясынын үгүттөчүсүнүн ортосунда жаңжал чыккан — үгүтчү «республикачы» аны бычак менен жарадар кылгандыгын билдирген. «Республикадан» ал маалыматты четке кагышкан. Жыйынтыгында кылмыш иши козголгон эмес, анткени окуя боюнча милицияга кабарланган эмес.
Бул шайлоодогу жаңы эрежелер
Биометрикалык маалыматтар
Бул 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийинки экинчи парламенттик шайлоо жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тарыхындагы шайлоолордо биринчи жолу жарандарды биометрикалык идентификациялоо технологиясынын пайдаланылышы.
Добуш берүү үчүн ар бир шайлоочу өз биометрикалык маалыматтарын тапшырган болуп, өзүн шайлоочулардын тизмесинен табуусу керек. Жаңы технология шашылыш түрдө киргизилди, бирок анын практикада кандай болорун азырынча так айтууга болбойт.
Тема боюнча: Кантип туура добуш берүү керек? Ырааттуу нускама
Ошентсе да эгер техника беш жолу көрүлгөн аракеттин жыйынтыгында шайлоочунун манжа издерин кабыл албаса Боршайком паспорттогу идентификациялык номурлар (ИНН) аркылуу добуш берүүгө уруксат берди.
7 пайыз жана 5 млн. сом
Добуш берүүгө бир нече ай калганда парламенттин учурдагы курамы шайлоолор жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген — депутаттар парламентке өтүүдөгү чекти 5 пайыздан 7 пайызга чейин жогорулатышып, шайлоого катышуу үчүн күрөө суммасын 500 миң сомдон 5 млн. сомго чейин көтөрүшкөн.
Демилгечилердин жана бир катар талапкерлердин айтымдарында, мындай өзгөртүүлөр парламентке өтүү үчүн партияларды өз ара биригүүгө мажбурлайт. Чынында эле ушундай болуп чыкты — шайлоо алдында бир катар партиялар биригүүгө барышкан.
Мисалы, ишкер Аскар Салымбековдун «Эмгек» партиясы саясатчы Адахан Мадумаровдун «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен бириккен, ал эми мурдагы өкмөт башчысы Өмүрбек Бабановдун жетектөөсүндөгү «Республика» мурдагы депутат Камчыбек Ташиевдин «Ата-Журт» партиясы менен бириккен.
Маанилүү сандар
14 — парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялардын саны.
2151 — депутаттыкка талапкерлердин саны.
120 — парламенттеги орундардын саны.
7 — парламентке өтүү үчүн керек болгон добуштардын пайызы.
2,7 млн. — шайлоочулардын саны.
5,8 млн. — Кыргызстандын калкынын саны.
777 млн. — партиялардын үгүт иштерине короткон каражаттын суммасы.
2389 — Кыргызстандагы шайлоо комиссияларынын саны.