Парламенттик шайлоодо президенттик социал-демократтар партиясы биринчи орунга ээ болду — аларды шайлоочулардын 27 пайыздан ашыгы колдогон. Болжолдуу маалыматтар боюнча, жалпысынан парламентке алты партия өтүүдө.
Парламенттик шайлоодо добуш берүү 4-октябрь күнү саат 20:00дө — бардык шайлоо тилкелери жабылгандан кийин аяктаган. Анда жалпысынан 1,5 миллиондон ашык киши добуш берип, алар жалпы шайлоочулардын 57 пайызын түзүштү.
Добуштарды болжолдуу электрондук эсептөө парламентке алты партиянын — КСДП, «Республика — Ата-Журт», «Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Бир Бол» жана «Ата Мекендин» өтө тургандыгын көрсөттү.
5-октябрь саат 15:00гө карата добуштардын бөлүштүрүлүшү:
КСДП — 27,4 пайыз;
«Республика — Ата-Журт» — 20,08 пайыз;
«Кыргызстан» — 12,91 пайыз;
«Өнүгүү-Прогресс» — 9,3 пайыз;
«Бир Бол» — 8,5 пайыз;
«Ата Мекен» — 7,75 пайыз.
120 орундуу парламенттеги мандаттардын алты партиянын ортосунда бөлүштүрүлүшү:
КСДП — 38;
«Республика — Ата-Журт» — 28;
«Кыргызстан» — 18;
«Өнүгүү-Прогресс» — 13;
«Бир Бол» — 12;
«Ата Мекен» — 11.
Бул жыйынтыктар — болжолдуу, акыркы жыйынтыктар добуш берүү күнүнөн эки апта өткөндөн кийин, качан Боршайком алыскы шайлоо тилкелериндеги маалыматтарды алып, добуштарды колго эсептеп чыккан соң белгилүү болот. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууда колго эсептөө чечүүчү болот.
2015-жылдагы парламенттик шайлоо — Кыргызстандын жана Борбордук Азиянын тарыхында биринчи жолу жарандарды биометрикалык идентификациялоо ыкмасы пайдаланылган жана добуштарды автоматтык түрдө эсептөөсү менен өткөн алгачкы шайлоо болду.
Жаңы киргизилген технологиялар байкоочуларга жана жарандарга добуш берүүнүн болжолдуу жыйынтыктарын дээрлик шайлоо тилкелери жабылгандан кийин дароо эле билүү мүмкүндүгүн берди — БШКнын сайтында ал маалымат ошол күнү эле дароо жеткиликтүү болгон.
«Бийликтин күчү» жана «таза шайлоо»
Кыргызстандын бийлиги шайлоонун жүрүшүнө жана анын жайынтыктарына ыраазы болду — премьер-министр Темир Сариев добуш берүү аяктагандан кийин «биометриканын негизинде өткөн шайлоо бийликтин күчүн көрсөткөнүн» билдирди.
«Биз таза жана ачык-айкын шайлоо өткөрө алдык. Шайлоо тилкелерине барган ар бир шайлоочу мыйзамсыз бир нерсе кылууга мүмкүн эмес экендигине өзү күбө болду деп ойлойм. Биз административдик ресурсту пайдаланбастан таза шайлоо өткөрө алдык, шайлоодо жана шайлоо алдындагы күндөрдө коопсуздукту камсыздай алдык, бардык партияларга үгүт иштерин жүргүзүүгө бирдей шарттар, мүмкүнчүлүктөр берилди. Эң башкы жетишкендиктердин бири болуп «карусель» сыяктуу мыйзам бузууларды жеңе алганыбыз эсептелет», — деди Сариев.
Өз кезегинде жергиликтүү байкоочулар добуш берүү маалында анча чоң эмес мыйзам бузуулар болгондугун билдиришти — алардын маалыматтары боюнча, партиялардын үгүтчүлөрү шайлоочуларды сатып алышып, кээ бир тилкелерде идентификациялоо техникасы мүчүлүштүктөр менен иштеген.
Бирок жалпысынан кыргыз байкоочулары добуш берүү процесси «таза жана ачык-айкын» өткөндүгүн билдиришти; партиялар шайлоо алдында үгүт иштерин жүргүзүү үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ болушкан.
«Жаңы техниканы пайдалануу добуш берүү күнүндө добуштарды тез эсептеп чыгууга мүмкүндүк берип, карусель ыкмасынын пайдаланылышына тоскоол болду. […] Саясий партиялар шайлоочуларга тилкелерде таасир этүү мүмкүн болбостугун билишип, андай иштерин тилкенин сыртында жасоого аракет кылышты», — деп билдирди «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын башчысы Динара Ошурахунова.
ЕККУ: Шайлоо атаандаштык негизде өттү
Европадагы коопсуздук келишим уюму менен Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясынын байкоочулары жалпысынан шайлоого оң бааларын беришти — алардын билдирүүлөрүнө ылайык, Кыргызстандагы шайлоо «атаандаштык негизде жана шайлоочуларга тандоо үчүн чоң аянтча берүү менен» өттү.
«Шайлоону атаандаштык негизде өткөрүү Борбордук Азия үчүн уникалдуу окуя болду, анткени шайлоо күнү саат 20:00гө чейин шайлоонун жыйынтыктары менен келечектеги парламенттин түзүмүн эч ким билген эмес», — деди ЕККУнун кыска мөөнөттүү байкоо боюнча миссиясынын жетекчиси жана координатору Игнасио Санчес Амор.
Бирок эл аралык байкоочулар добуш берүүнүн жашыруундуулугу «жетишсиз» камсыздалгандыгы жана добуштарды эсептөөдө процедуралык көйгөйлөр болгондугун билдиришти — байкоочулардын айтымдарында, бул негизги «капаланткан факторлор» болду.
Европадагы коопсуздук келишим уюму менен Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясынын байкоочулары өз пресс-релизинде БШКнын сайтындагы маалыматтардын жетишсиздиги «ачык-айкындуулуктун деңгээлин төмөндөткөнүн», а комиссиянын кээ бир чечимдери так укуктук негизге ээ эмес болуп, мыйзамга каршы келгенин билдиришти.
Аны менен катар байкоочулар жалпысынан калк аймактык жана тилкелик шайлоо комиссияларынын ишине жана алардын объективдүүлүгүнө ишенгендигин белгилешти.
Миссия партиялардын шайлоого чейинки жана добуш берүү күнүндөгү каржы чыгымдары боюнча кеңири отчет берүүсү үчүн шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү кеңешин берди.
«[…] абалды партиялар тарабынан шайлоого чейин жана ошол күнү БШКга берилген кеңири каржы отчетторун тынымсыз жарыялап, анын эсебинен ачык-айкындуулукту жогорулатуу жолу менен жакшыртууга болот», — деп билдиришти байкоочулар.
Сүрөт: Светлана Зеленская