«Бүтүн Кыргызстан Эмгек» партиясынын теңтөрагасы Адахан Мадумаров Борбордук шайлоо комиссиясынан (БШК) добуштарды кайрадан санап чыгууну талап кыларын билдирген. БШКдан ал билдирүүнү «чагымчылдык» деп аташып, бирок добуштарды кайрадан санап чыгууга даяр экендиктерин билдиришти.

Мадумаров Sputnik маалымат агенттигине БШКдан добуштардын кайра саналышын талап кылары тууралуу 6-октябрда билдирген. Анын айтымында, «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» партиясы Ош жана Жалал-Абад облустарында 37 миң добуш айырманы аныктап чыккан.

«Партиянын БШКдан добуштарды кайрадан санап чыгуусун талап кылууга мыйзамдуу укугу бар», — деп жазган онлайн-басылма партиянын теңтөрагасынын айткандарын.

Өз кезегинде БШКнын башчысы Туйгунаалы Абдраимов Мадумаровдун айткандарын «чагымчылдык» деп эсептейт. Бирок ошентсе да эгер партиядан расмий арыз түшсө комиссия добуштарды кайрадан санап чыгууга даяр экенин белгиледи.

«Мен арыз жазгыла, ошонун негизинде кайра саноо өткөрөбүз деп айттым. Бирок бул чагымчылдык. Андай болушу мүмкүн эмес. Бардык тилкелерде колго саноонун жыйынтыктары менен «акылдуу урналардын» маалыматтары дал келген», — деп билдирген Абдраимов.

Добуштарды электрондук саноодон кийин партия 6,15 пайыз добуш алып, анын парламентке өтүшүнө бир пайыздан аз шайлоочулардын колдоосу жетпей калган. 2010-жылы да ушундай болгон — анда да партияга шайлоочулардын бир пайыз добушу жетпей калган болчу.

Парламенттик шайлоо 4-октябрда өттү. Добуштарды электрондук эсептөө системасына ылайык, болжолдуу түрдө парламентке алты партия өткөн: КСДП, «Республика-Ата-Журт», «Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Бир Бол» жана «Ата Мекен». БШКнын маалыматы боюнча, бул партиялар тиешелүү босого чектерден ашышкан — өлкө боюнча белгиленген 7 пайыздык жана аймактар үчүн белгиленген 0,7 пайыздык чектерден.

Бирок БШКнын маалыматы боюнча, добуштарды электрондук саноонун жыйынтыктары чечүүчү болуп эсептелбейт. Шайлоодон кийин Абдраимов парламенттик шайлоонун акыркы жыйынтыктары 18-октябрдан кеч эмес белгилүү болорун билдирген.