Алмазбек Атамбаев кеңешчиси Фарид Ниязовду президенттин аппаратынын башчысы кылып дайындоо тууралуу буйрукка 7-октябрда кол койду. Аппараттын буга чейинки жетекчиси Темир Жумакадыров Коргоо кеңешинин катчысы кызматына кайтып барды.

Алмазбек Атамбаев өз кеңешчисин президенттин аппарат башчысы кылып дайындады.

Өлкө башчысынын администрациясынын буга чейинки башчысы Темир Жумакадыров 2014-жылдан 2015-жылдын ортосуна чейин иштеп келген Коргоо кеңешинин катчысы кызматына кайтып барды.

«Өлкөбүздү өнүктүрүүнүн азыркы этабында  улуттук коопсуздук, Куралдуу күчтөрдү бекемдөө маселелери абдан чоң мааниге ээ болуп турат. Ошондой эле,  өткөн парламенттик шайлоолордо шайлоочулар жана саясый партиялар тарабынан укук коргоо  органдарынын  ишиндеги ыраатсыздыктар, ошондой эле коррупцияга каршы күрөштүн натыйжалуулугун жогорулатуу зарылчылыгы тууралуу маселелер көтөрүлгөн», — деп жазган президенттин басма сөз кызматы анын айткандарын.

Атамбаевдин пикиринде, Жумакадыров — өзү «жакшы негиз түзүп кеткен» коргоонуу жана укук коргоо органдарындагы реформаларды ишке ашыра ала турган жалгыз адам.

Өлкө башчысынын басма сөз кызматынын билдирүүсүндө Жумакадыровдун алдына үч маселе коюлгандыгы жазылган:

  • аскердик реформаны аягына чыгаруу;
  • укук коргоо органдарындагы реформа жана ал тармактагы бирин-бири кайталаган түзүмдөрдү жоюу;
  • коррупцияга каршы күрөштүн натыйжалуулугун арттыруу.

Атамбаевдин аппарат жетекчиси кызматында Жумакадыровду алмаштырган Фарид Ниязов акыркы үч жарым жылдан бери президенттин маалыматтык саясат боюнча кеңешчиси болуп келген.

2014-жылдын сентябрында «Вечерний Бишкек» гезитинин жамааты Ниязовду басылманы рейдерлик жол менен басып алуу аракетине айыптаган. Анда басма үйүнүн негиздөөчүлөрү Александр Ким менен Александр Рябушкиндин ортосундагы чарбалык талаш-тартыш башталган.

2014-жылы Бишкектин Биринчи май райондук соту «Вечерний Бишкек» гезитинин каржы борбору болуп эсептелген «Рубикон» фирмасынын акцияларынын жарымын басылманын мурдагы түзүүчүлөрүнүн бири Александр жана Галина Рябушкиндерге берүү чечимин кабыл алган болчу.

Анда гезиттин редакциясы аны «кирешелүү медиа-бизнести колго алуу» максатында жасалган «рейдерлик басып алуу» деп атап, анын артында президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов турушу мүмкүндүгүн билдирген.

Анда Ниязовдун өзү ал маалыматтарды «жалган» деп атаган.

«Бул кезектеги калп жана ыпылас фантазияларды жабыштыруу. Мен Александр Кимдин [«Вечерний Бишкек» басма үйүнүн ошол кездеги ээси] туталануусун түшүнүп турам. Бирок дайыма эле алдап, жамааттын артына жашынуу менен өз жумушчуларын астына тосо берүү болбойт да», — деп билдирген  ал 24.kg агенттигине берген маегинде.