30-сентябрдан бери Сирияны бомбалап жаткан Орусиянын авиациясына эми флоту да кошулду. Коргоо министри Сергей Шойгу орусиялык флот тарабынан Сирияга жасалган ракеталык соккулар тууралуу айтты. Буга чейин операцияда абадан сокку уруу күчтөрүн гана пайдалануу мүмкүндүгү тууралуу айтылып жаткан.

Орусия флоту Сирияны көздөй 26 жолу ракета учурду — бул тууралуу Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Владимир Путинге даярдаган баяндамасында билдирди. Ал Орусия флотунун Каспий деңизиндеги төрт согуш кемесинен узатылган соккулардын бардыгы тең «Ислам мамлекети» тобунун позицияларына тийди деп ишендирүүдө.

Орусия Сириядагы аба соккуларын 30-сентябрда, Федерация кеңеши Путин президентке федералдык аскер кызматкерлерин чет өлкөлөрдө пайдаланууга уруксат бергенден бир нече саат өткөн соң баштаган. Операция Сириянын президенти Башар Асад расмий түрдө Кремлден аскердик жардам сурап кайрылгандан кийин башталган.

Анда Путиндин администрация башчысы кеп асмандан сокку уруу күчтөрү тууралуу гана болуп жатканын билдирген болчу.

Орусия Латакияда авиабаза курулушун баштап, ал жакка аскерлерин жеткирип башташандыгы тууралуу билдирүүлөр пайда болгондон кийин Путиндин Сириядагы өнөктүгү дүйнөлүк басма сөздө эң көп талкууга алынган темалардын бири болуп калды.

Эл аралык ЖМКлар билдиришкендей, ушул эле тема Орусиянын Сириядагы аскердик операциясы башталардан эки күн мурда өткөн Путин менен америкалык президент Барак Обаманын жолугушуусунун күн тартибиндеги эң башкы темалардын бири болгон.

Орусиялык аскерлердин соккулардын бардыгы тең «Ислам мамлекетинин» позицияларына урулуп жаткандыгын билдиришкени менен интернет-активисттер бомбалоолорду Сириянын картасы менен салыштырышып, соккулар Асаддын өкмөтүнө оппозиция катары чыгып жаткан көтөрүлүшчүлөрдүн позицияларына урулуп жатканын аныктап чыгышкан.

Пентагон менен НАТО Кремлден көтөрүлүшчүлөрдүн позицияларын бомбалоону токтотуп, «Ислам мамлекетине» багыт алуусун талап кылган, бирок орус жетекчилиги Сириянын аймагында «көп» болгон террористтик топторду жок кылып жаткандыгын билдирген.

Башкы сүрөт иллюстрациялык мүнөзгө ээ.