Бишкек шаарындагы “Жеңиш” аянтында гүлдөрдүн көргөзмөсү өтүп жатат. Ал 24-сентябрдан 8-октябрга чейин уланмакчы.

Gul_Korgozmo (6)

GKK

Аталган көргөзмөгө үй гүлдөрүнөн тартып, эшикке өстүрүүчү гүлдөрдөн өйдө коюлган.

Gul_Korgozmo (11)

“Гүл көргөзмөсүнүн өтүп жатканы шаар тургундары үчүн да кызыктуу болуп жатат. Баары ыраазы болуп, дагы көргөзмөнү узагыраак кылсаңар деп суранып жатышат”, - дейт гүл өстүрүүчү Надира Аргынбекова.

GK (1)

Ал эми сатып алуучу Эльнура Якубова гүлдөргө кичине кезинен эле кызыгып, көгөзмөгө гүл сатып алуу үчүн келгенин билдирди.

Gul_Korgozmo (3)

“Көргөзмөгө экинчи жолу келдим. Бул жерден фиалка гүлүн сатып алдым, гүл көргөзмөсү бир жылда эки жолу болсо жакшы болмок”, - дейт Эльнура Якубова.

Гүлдөрдүн көргөзмөсү гүл өстүрүүчү айымдардын тажрыйба алмашууларына жакшы шарт түзөт. Бул жердеги гүл өстүрүүчүлөр келген кардарларга гүлдүн сырларын айтып берип жатышат.

https://soundcloud.com/kloop-1/m9vod42rx5cw

Флорист Надира Аргынбекова учурда гүл өстүрүүгө мырзалар да кызыгып жатканын билдирди.

Даярдагандар: Амантур Ганиев, Найзабек Мукамбет уулу