Кара-Суу райондук соту жергиликтүү имам Рашод Камаловду эки берене боюнча күнөөлүү деп таап, ага карата жатак абагына беш жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Сот баяндарында Камалов халифат түзүүнү пропагандалаган деп эсептеди, бирок имамдын өзү эч кандай кастыкка чакырбагандыгын айтууда.

Камалов «Диний аралык кастыкты козутуу» жана «Коомдук иш-чараларда экстремисттик материалдарды таратуу» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды. Мындай чечимди Кара-Суу райондук соту 7-октябрда чыгарган.

Алгач айыптоонун биринчи беренеси «Кызмат абалын пайдалануу менен диний аралык кастыкты козутуу» деп айтылып жаткан болчу, бирок соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө Рашод Камаловдун расмий түрдө жергиликтүү «Ас-Сарахси» мечитинин имамы эмес болгондугу аныкталган.

«Бир Дүйнө» укук коргоо уюму мындай айыптоолор боюнча башка иштерге салыштырмалуу имамдын иши узакка созулуп жатканын билдирүүдө — соттук процесс 4 айыга созулуп, анын жүрүшүндө 17 угуу болгон.

«Бир Дүйнөнүн» кызматкери Сахира Назарова Kloop.kgге курган маегинде Камаловдун жактоочусу чыгарылган өкүм менен макул эмес экенин жана ал боюнча жогорку баскычтагы сотко даттана тургандыгын айтты.

«Прокуратура катаал режимдеги абакка он жылга эркинен ажыратууну, а жактоочулар толугу менен акталышын талап кылышкан. Жыйынтыгында жатак абагына беш жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылып, Камаловдун жактоочусу өкүм боюнча даттана тургандыгын айтты», — деп билдирди ал.

Назарованын айтымында, Рашод Камаловдун өзү дагы «актоо өкүмүнө жетишүү ниетинде».

Рашод Камаловдун иши

Жерлиги Ош облусунун Кара-Суу шаары болгон Рашод Камалов шаардын адам эң көп барган «Ах-Сарахси» мечитинде иштеген. Жума намаздарында ал мечитке беш миңге чейин адам чогулат.

Камалов 2015-жылдын 9-февралында кармалып, тергөө абагына камакка алынган.

Анын иши боюнча алгачкы сот жыйыны ушул жылдын июлунда болгон.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетектөөчү адиси Канатбек Абдыраимовдун экспертизасына ылайык, имамдын баян айтуусунда кыргыз мыйзамдарында тыюу салынган халифат түзүүнү пропагандалоо сөздөрү бар болгон.

Камаловдун өзү президент Алмазбек Атамбаевге жолдонгон ачык кайрылуусунда ал өз баянында «чогулгандарга «Ислам мамлекети» менен Сирияда болуп жаткандар халифат болуп эсептелбестигин жеткирүүгө аракет кылганын» жазган.

«Менин баяндарым эч кандай диний аралык кастыкты же башка зомбулук иштерге чакырууну жараткан эмес жана жаратмак эмес дагы», — деп жазган анда Камалов.

Дин таануучу Галина Колодзинскаянын корутундусуна ылайык, Камаловдун сөздөрүндө куран менен хадистерге негизделген «халифат» түшүгүнүн түшүндүрмөсү болгон.

«Имам акыр замандан кийин мусулмандар эч кандай зомбулуксуз эле пайгамбардык менен халифатка ээ боло алышат, алар анын айланасына чогулушуп, аны кабыл алышат деп айткан. Имам «Ислам мамлекетинин» «жалган халифаты» чыныгы халифат түшүнүгүнөн эмнеси менен айырмаланарына түшүндүрмө берген», — деп билдирген Колодзинская эл аралык «Фергана» маалымат агенттигине.

Сентябрда Кыргызстандын атайын кызматы тарабынан Кара-Суунун дагы бир жашоочусу — «Одноклассники» соцтармагындагы Рашод Камаловду колдогон билдирүүлөргө «класстарды» койгон 20 жаштагы Абдулло Нурматов кармалган.

«Кылмыш ишин экстремисттик материалдарды сактагандыгы үчүн деп 299-берененин 2-бөлүгүнүн негизинде козгошту. Ал өз почтасында тыюу салынган материалдарды сактаган имиш. «Лайк» баскычын материалдарды сактоого теңеп коюшту», — деп билдирген анда кармалган адамдын жактоочусу Хусанбай Салиев.

Кийинчерээк Нурматов тергөө аяктаганга чейин үй камагына чыгарылган.

Башкы сүрөттө Рашод Камалов. Сүрөт Сахира Назарованын фэйсбук-баракчасынан алынды.