Кыргызстандын курама командасы футбол боюнча 2018-жылдагы дүйнөлүк чемпионатка тандоо айлампасында Тажикстан менен болгон оор беттешинде гол киргизип тең чыгууга жетишти,2-2. Кыргызстан Австралия менен Иордания лидерлик кылып жаткан «B» тобунда үчүнчү орунду сактап кала алды.

Оюндун толук видеосу:

Кыргызстан — ак, Тажикстан — кызыл кийимчен

//

Дүйнө чемпиондугу-2018ге тандоо айлампалары

Кыргызстан "B" тайпасында үч жолу беттешке чыгып, учурда үчүнчү орунда келе жатат. Кыргыз курама командасынын эсебинде 1 утуш, 1 жеңилүү жана 1 тең чыгуу бар.

Тайпада Азиянын чемпиону Австралия биринчи орунда турат. Австралия курамасы үч беттеште тең утушка ээ болуп максималдык 9 упай чогулткан. Экинчи орунда Иордания курамасы. Алардын эсебинде 2 утуш жана бир тең чыгуусу менен жалпы 7 упай бар.

Дүйнөлүк чемпионаттык кийинки баскычына өтүү үчүн Кыргызстан калган беттештерде бардык каршылаштарды жеңип, Австралия менен тең чыгуусу керек.

"B" тайпасынын турнирдик таблицасы:

[supsystic-tables id="1"]

Футбол боюнча 2018-жылкы дүйнөлүк чемпионат Орусияда өтөт.

Кыргызстан дүйнөлүк биринчиликтин тандап алуу оюндарын дароо эле Азия чөлкөмүндөгү экинчи баскычта баштаган. Эл аралык футбол федерациясынын чечими менен биринчи баскычта ФИФАнын рейтингинде эң акыркы орундарда турган 12 команда ойношкон.

Кыргызстан команданын дүйнөлүк рейтингиндеги позициясын кыйла жогорулаткан 2013-1014-жылдардагы ийгиликтүү оюндарынын аркасында биринчи бачкычка туш келбей калган.

Экинчи баскычта 40 курама сегиз топко бөлүштүрүлгөн. Алардын арасынан тандап алуу бөлүгүнүн үчүнчү бачкычына болгону 12 гана команда өтөт — өз топторунда биринчи орунга ээ болгон 8 курама жана экинчи орунга ээ болгон мыкты төрт команда.

Дүйнөлүк чемпионаттын финалдык бөлүгүнө Азия чөлкөмүнөн төрт команда өтөт, алардын аттары 2017-жылы белгилүү болот.

Аны менен катар дүйнөлүк биринчиликтин тандап алуу оюндары биринчи жолу Азия чемпионатын тандап алуу оюндары менен бир өткөрүлүүдө.

Кыргызстан дүйнөлүк чемпионаттын тандап алуу бөлүгүнүн топток беттештеринде көптөн бери ойной элек болчу. Буга чейинки эки тандоо оюндарында кыргыз курамасы беттештерин биринчи бачкычтан баштап, эки жолу тең топтон чыга алган эмес.

Кыргызстан акыркы жолу дүйнөлүк чемпионаттын тандап алуу оюндарынын топтук беттештеринде 2006-жылы ойногон. Анда кыргыз курамасынын атаандаштары Бахрейн, Сирия жана Тажикстан командалары болуп, Кыргызстан өз тобунда акыркы орун алган болчу.