Парламенттик шайлоонун болжолдуу жыйынтыктарына ылайык, Жогорку Кеңештин кийинки чакырылышына алты партиянын өкүлдөрү өтмөй болуп калды: КСДП, «Республика — Ата-Журт», «Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Бир Бол» жана «Ата Мекен». Kloop.kg Жогорку Кеңешке өтүп калуусу мүмкүн болгон талапкерлердин кыскача маалыматтарын камтыган парламент депутаттарынын тизмесин түздү.

Болжолдуу эсептөөлөр боюнча, партиялар Жогорку Кеңештеги орундарды төмөндөгүдөй бөлүшүшөт:

КСДП — 38 мандат

1Чыныбай Турсунбеков

Парламенттеги социал-демократтар фракциясынын лидери. Жубайы Нуржан Тентимишова «Борбордук Азия Капитал Банкына» ээлик кылат жана жолдошунун ун салуу бизнесин башкарат.

2Асылбек Жээнбеков

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын төрагасы. Кыргызстандын Агроишкерлер кеңешинин мурдагы төрагасы. Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбеков менен Кыргызстандын Сауд Аравиясындагы учурдагы элчиси Жусупбек Шериповдун бир тууганы.

3Данияр Аттокуров

КСДПнын республикалык штабынын жетекчиси, ага чейин партиянын Ысык-Көл облусундагы өкүлү болгон.

4Галина Скрипкина

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты. Парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөсү. 20 жылдык тажрыйбага ээ жактоочу.

5Марат Аманкулов

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун мурдагы башчысы, учурда Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы. Кирешелер тууралуу декларацияга ылайык, 14 үйгө, 7 автоунаага жана кийим тигип сатууга байланышкан бизнеске ээлик кылат.

6Ильхом Маннонов

Ош облусунун Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы. Талапкер тууралуу анын ички иштер органдарында иштегендигинен башка дээрлик эч нерсе белгисиз.

7Жанар Акаев

Президент Алмазбек Атамбаевдин басма сөз катчысы. «Азаттык» радиосунун мурдагы журналисти жана «Ыңгайсыз суроолор» берүүсүнүн алып баруучусу.

8Асель Кодуранова

Кыргызстандын президентинин алдындагы Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы. «Кыргызтелеком» ААКсынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү.

9Мээрбек Мискенбаев

2010-жылдагы апрель революциясынын катышуучусу, «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин төрагасы.

10Дастан Бекешев

«Ар-Намыс» фракциясынан парламенттин депутаты. «Акниет» партиясын негиздеген, бирок кийин парламентке КСДПнын атынан талапкер катары катышуу чечимине келген. Жол коопсуздук эрежелерин бузуу үчүн каралган айып пул өлчөмүн жогорулатуу тууралуу мыйзамдын автору.

11Иса Өмүркулов

Бишкектин экс-мэри, 2010-жылдын апрелиндеги бийлик алмашуудан кийинки алгачкы калаа башчысы. Бишкектин түштүгүндөгү Жеңиш сейил багынын аймагындагы жер тилкелерине кафе, ресторан жана май куюу жайларын курууга уруксат берүүгө байланышкан чырдан кийин өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Ал иш боюнча жыйынтыгында акталып чыккан.

12Евгения Строкова

Бишкектин Октябрь районундагы билим берүү борборунун директору. Азырынча талапкер тууралуу калган маалыматтар белгисиз, эгер сиздер билсеңиздер пикир катары материалдын төмөн жагына жазып калтырып, маалыматты толуктасаңыздар болот.

13Кожобек Рыспаев

«Ар-Намыс» фракциясынан парламент депутаты. Отун-энергетикалык комплекси боюнча парламенттик комитеттин төрагасы. Ала качуу үчүн жазаны катаалдатууга каршы болгон көп эмес депутаттардын бири.

14Улан Примов

«Республика» партиясынан Ош шаардык кеңешинин төрагасы. «Пэрити Коал» көмүр компаниясынын ээси.

15Анвар Артыков

«Ар-Намыс» фракциясынан парламент депутаты. Коргоо жана коопсуздук боюнча парламенттик комитеттин мүчөсү. Ош облусунун мурдагы губернатору, ал кызматты 2005-жылдагы революциянын башында ээлеген болчу.

16Жылдыз Мусабекова

Журналист. Президенттик «Форум» гезитинин башкы редакторунун мурдагы орун басары. Буга чейин ички иштер министри Мелис Турганбаев «Азаттык» радиосуна курган маегинде Мусабекованын тууганы экенин айткан.

17Мухтар Айнакулов

Социал-демократтар партиясынын Чүй облусу боюнча координатору. Азырынча талапкер тууралуу калган маалыматтар белгисиз, эгер сиздер билсеңиздер пикир катары материалдын төмөн жагына жазып калтырып, маалыматты толуктасаңыздар болот.

18Төрөбай Зулпукаров

Депутат, парламенттин V чакырылышынын вице-спикери. «Салттуу эмес сексуалдык мамилелерди пропагандалоого» каршы «басмырлоочу» мыйзам долбоорунун авторлорунун бири. Укук коргоо органдарынын мурдагы кызматкери. «Азия-Ньюс» гезитине басылып чыккан маалыматка ылайык, кезинде ал зордуктоого шектелген, бирок күнөөсү далилденген эмес.

19Тилектеш Исаев

Учактарга күйүүчү майларды жеткирүү менен алектенген «Газпромнефть-Аэро Кыргызстан» компаниясынын башкы директору.

20Элвира Сурабалдиева

Ишкер. Өлтүрүлгөн депутат Жыргалбек Сурабалдиевдин кызы. Бишкектеги «Кудайберген» базарынын ээси.

21Нурбек Касымбеков

Парламент депутаты. Президенттин алдындагы жарандуулук маселелери боюнча комиссиянын мурдагы жооптуу катчысы. Эки жогорку билимге ээ — архитектор жана юрист.

22Рыскелди Момбеков

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү. Президенттин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын мурдагы төрагасы. Президент Алмазбек Атамбаевдин «Форум» гезитинде башкы редактор болуп иштеген. «Учкун» ААКсында менеджер.

23Нодирбек Каримов

Ош облусундагы Өзгөн шаарынын мэри. Өзгөн мэриясынын «Одноклассники» соцтармагындагы баракчасына жайгаштырылган маалыматтарга караганда Каримов шаардагы коомдук иш-чараларга активдүү катышат.

24Гүлкан Молдобекова

КСДП партиясынын Талас облусу боюнча координатору. Азырынча талапкер тууралуу калган маалыматтар белгисиз, эгер сиздер билсеңиздер пикир катары материалдын төмөн жагына жазып калтырып, маалыматты толуктасаңыздар болот.

25Узарбек Жылкыбаев

«Кыргызское взморье» пансионатынын директору. Боршайкомдун Ысык-Көл облусундагы мурдагы атайын өкүлү.

26Осмонбек Артыкбаев

Мурдагы энергетика жана өнөр-жай министри. Энергетика тармагындагы каатчылык тууралуу президент Алмазбек Атамбаевдин сын-пикиринен кийин отставкага кеткен.

27Искендер Матраимов

Мамлекеттик кызмат боюнча мамлекеттик агенттиктин экс-башчысы. Кара-Суу районунун акими Тилекбек Матраимов менен Ош облустук бажысынын башчысы Райымберди Матраимовдун бир тууганы.

28Ашэра Халикова

Азырынча талапкер тууралуу маалымат белгисиз. Андай маалыматтар эркин булактарда жок. Эгер сиздер билсеңиздер пикир катары материалдын төмөн жагына жазып калтырып, маалыматты толуктасаңыздар болот.

29Бактыбек Жетигенов

Парламент депутаты. Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча профилдик комитеттин төрагасынын орун басары. Мурдагы ички иштер министри Абдылда Суранчиев Жетигеновду криминал менен байланышы бар деп айыптаган, бирок эл өкүлү ай айыптоолорду четке каккан. Оюн-зоок ишмердүүлүгүнө тыюу салууну демилгелеген, андан улам бардык казинолор, оюн-автоматтары жайгашкан жайлар, кийин букмекер кеңселери да жабылган.

30Азамат Арапбаев

«Ата-Журт» фракциясынан парламент депутаты, отун-энергетикалык комплекси боюнча парламенттик комитеттин мүчөсү. Декларацияга ылайык, парламенттин эң бай депутаттарынын бири.

31Мурадыл Мадеминов

Парламент депутаты. Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча парламенттик комитеттин мүчөсү. Парламент имаратында «Ата-Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаев менен болгон мушташы менен белгилүү.

32Карамат Орозова

Парламент депутаты. Баткен обладминистрациясынын башчысынын мурдагы орун басары. Билими боюнча педагог.

33Сайдолимжон Жураев

Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары. Азырынча талапкер тууралуу калган маалыматтар белгисиз, эгер сиздер билсеңиздер пикир катары материалдын төмөн жагына жазып калтырып, маалыматты толуктасаңыздар болот.

34Кыянбек Сатыбалдиев

«Ата-Журт» партиясынан Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын мэри. 2015-жылдын башында коррупцияга каршы жетишсиз деңгээлде күрөш жүргүзгөндүгү үчүн деп ага 10 миң сом өлчөмүндөгү административдик айып пул жазылган.

35Искендер Кадыркулов

«Түндүкэлектр» ААКсынын башкы директорунун милдетин аткаруучу, «Түндүкэлектр» ААКсынын экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча башкы директорунун орун басары.

36Айнуру Алтыбаева

«Ар-Намыс» фракциясынан парламент депутаты. Этика жана регламент боюнча комитеттин төрайымы. Ала качуу үчүн каралган жазаларды катаалдатуу боюнча мыйзамдын автору.

37Автандил Кулбараков

Нарын облусундагы белгилүү ишкер, меценат. Кыргызстандагы мектеп окуучулары чет тилдерди окушу керек деген идеянын тарапташы.

38Акылбек Султанов

Парламенттин V чакырылышынын депутаты. Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитеттин мүчөсү. Конституциялык палатанын судьясы Клара Сооронкулованы отставкага кетирүү боюнча жыйында депутат Равшан Жээнбеков менен уруша кетейин деген. Султанов 2015-жылдын августунда ЖКК кызматкерин сөгүп, коркутуп жаткандыгы тартылган видеонун каарманы.

«Республика – Ата-Журт» - 28 мандат

39Өмүрбек Бабанов

«Республика — Ата-Журт» партиясынын лидери. Кыргызстандын мурдагы премьер-министри. Отставкага 2012-жылы коррупциялык чырдан кийин кеткен — «Ата Мекендин» маалыматы боюнча, ал бир аргымакты пара катары алган, бул үчүн «Манас» аба майданына жаңы аэронавигациялык мунара курууга түрк компаниясына уруксат берген. Бул чырдан улам парламенттик көпчүлүк коалициясы тарап, Бабанов отставкага кеткен. «Кыргызстан» коммерициялык банкы менен Бишкектеги «Азамат» автоунаа базарынын ээси. 2014-жылы анын каражатына Орусиянын Пенза шаарында цемент заводу курулган, бул маалыматты ал КТКРдагы дебаттын жүрүшүндө мойнуна алган.

40Алтынбек Кылычбаев

«Ата-Журт» партиясынын мүчөсү болгон. 2010-жылы ал партиянын тизмесинде Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон.

41Алексей Нифадьев

«Народный» супермаркеттер түйүнүнө жана «Промзона» клубуна ээлик кылган «Forester» ЖЧКсынын башкы директору. Кыргыз-Орус Славян университетинин ректору Владимир Нифадьевдин уулу.

42Алтынай Өмүрбекова

Ленин районунун мурдагы акими, Бишкек шаарынын мэринин орун басарынын милдетин аткаруучу. 2010-2011-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон, бирок өз каалоосу менен мандатынан баш тартып, кийин аким болуп дайындалган.

43Талант Мамытов

«Ата-Журт» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты. 2000-жылдан 2010-жылга чейинки аралыкта Баткен, Чүй жана Жалал-Абад облустарынын прокуратура органдарында иштеген. Андагы акыркы кызматы — Тогуз-Торо районунун прокурору. Жогорку Кеңештин Москвадагы атайын өкүлчүлүгүн ачуунун демилгечиси болгон — азыр ал иш боюнча экс-спикер Акматбек Келдибеков соттолууда. Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаров менен бирге күч колдонуп бийликти басып алууга айыпталган, бирок акталып чыккан.

44Акылбек Жамангулов

«Манас» аба майданынын мурдагы башкармалыгынын мүчөсү «Ак-Шумкар» партиясынын мурдагы мүчөсү. Kloop.kgнин дебаттарына катышкан.

45Максат Сабиров

Парламенттеги «Республика» фракциясынын лидери. 1992-жылдан баштап ар кайсыл убактарда Бишкектеги музыкалык мектептин директору, ишкер, «Асфальтобетон» ААКсынын коммерциялык директору, «Манас» аба майданынын Оштогу өкүлчүлүгүн материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси, «Кыргызжилкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасынын сатып алуу бөлүмүнүн жетекчиси болгон. Расмий сапарлар маалында улуттук кийимдерди чет өлкөлүк конокторго белекке берүүгө тыюу салуу мыйзамын кабыл алууну сунуштаган — бул идеясын кийимдердин «баалуулугун төмөндөнпөө» менен түшүндүргөн.

46Гүлнара Асымбекова

Социалдык маселелер боюнча Кыргызстандын мурдагы вице-премьер-министри. «Ар-Намыс» фракциясынан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты. Акушер-гинеколог, репродуктолог. Жеке клиникасынын директору.

47Таабалды Тиллаев

Баткен облусунун Лейлек районунда ишкер. Талапкер тууралуу азырынча кошумча маалыматтар жок. Эгер сиздер билсеңиздер пикир катары материалдын төмөн жагына жазып калтырып, маалыматты толуктасаңыздар болот.

48Руслан Казакбаев

Тышкы иштер министрлигинин мурдагы башчысы. Партиялар бириккенге чейин «Республиканын» мүчөсү болгон. Кыргызстандын Стамбулдагы мурдагы башкы консулу.

49Курманкул Зулушев

Бишкек шаардык сотунун мурдагы судьясы. Бийликти күч колдонуп басып алуу аракетине айыпталган «Ата-Журттун» депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовго карата актоо өкүмүн чыгарган судьялардын бири. Соттун чечиминен кийин Зулушев депутаттар менен жеке тааныш эмес экенин, а өкүм судьялардын «ички ишенимдери боюнча» чыгарылганын билдирген. Актоо өкүмүнөн кийин ал дагы бир судья Медер Сатиев менен бирге кызматынан алынган. Өзүнүн кызматтан алынышын ал мыйзамсыз деп эсептеп келген.

50Динара Исаева

«Ата-Журт» партиясынан парламент депутаты. «Ак-Жол» партиясынан экс-депутат. «Асман-Тур» туристтик компаниясынын негиздөөчүсү. 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин өлкөдөн качып кеткен жана 7-апрелде массалык түрдө жарандарга ок чыгаруу иши боюнча 15 жылга катуу режимдеги колонияга сыртынан кесилген Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Данияр Үсөновдун жубайы. 2009-жылы Исаева «Агым» гезитинин версиясы боюнча, өлкөнүн эң бай айымдарынын тизмесине кирген.

51Жыргалбек Турускулов

«Востокэлектр» ишканасынын мурдагы башкы директору, кызматынан Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду тарабынан компаниянын директорлор кеңешине аны кызматтан алуу сунушу жазылган кат келгенден кийин кеткен. «Республиканын» мүчөсү болгон. «СтройАрсенал» ЖЧКсынын башкы директору.

52Бакытбек Сыдыков

«Эл аралык «Манас» аба майданы» ААКсынын экс-президенти; ишкер (май куюу комплексинин ээси). Прокуратура тарабынан («Манастын» президенти болуп турган кезде) аба майдандын май куюу комплексин сатуу максатында аба майдандын башкармалыгынын мүчөлөрү менен көмүскө бүтүмгө барган деп айыпталган. Мурдагы президент Бакиевдин кеңешчиси Үсөн Сыдыковдун уулу.

53Кенжебек Бокоев

«Республика» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты. Советтик армиянын катарында Ооганстанда кызмат өтөгөн, 90-жылдары ишкерлик менен алектене баштаган, 2000-жылдардын башында Талас облусунун фермерлер ассоциациясынын төрагасы болгон. Апрель окуяларына чейин беш жыл Талас облусундагы Аманбаев айыл өкмөтүнүн башчысы болгон, революциядан кийин депутат болуп шайланган. Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча парламенттик комитеттин төрагасы.

54Рада Түмөнбаева

Азырынча талапкер тууралуу маалыматтар белгисиз. Эгер сиздер билсеңиздер пикир катары материалдын төмөн жагына жазып калтырып, маалыматты толуктасаңыздар болот.

55Жыргалбек Саматов

«Ата-Журттан» парламент депутаты. Ишкер, депутаттар Марат Султановдун жардамчысы, Акматбек Келдибековдун кеңешчиси, Кыргызстандын Казан шаарындагы консулу, Мамлекеттик каттоо кызматында бөлүм башчы болгон. 2013-жылы Саматовдун жардамчысы Бишкектин борборунда үч кишинин өмүрүн алып кеткен жол кырсыгы үчүн 11 жылга эркинен ажыратылган. 2011-жылы БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев Саматов Орусиянын жараны экенин жана мандатын тапшырышы керектигин билдирген, бирок депутат ал маалыматтарды четке каккан.

56Рустам Кузиев

Азырынча талапкер тууралуу маалыматтар белгисиз. Эгер сиздер билсеңиздер пикир катары материалдын төмөн жагына жазып калтырып, маалыматты толуктасаңыздар болот.

57Алиярбек Абжалиев

Монополияга каршы көзөмөл агенттигинин мурдагы статс-катчысы, «Манас» аба майданынын бажысынын экс-башчысы, Жогорку Кеңештин экс-депутаты.

58Аида Исмаилова

Коомдук ишмер. «Республика — Ата-Журт» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү. Азырынча талапкер тууралуу кошумча маалыматтар белгисиз.

59Керимберди Макеев

Өткөн парламенттик шайлоодо «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын талапкерлер тизмесинде болгон. «Жаңы Кыргызстан» партиясынын Ош облусу боюнча экс-координатору. 2011-жылы коммунисттердин лидери Исхак Масалиев жана экс-президент Бакиевдин администрация башчысы Үсөн Сыдыков менен бирге 2010-жылдагы башаламандыктар маалында бийликти күч колдонуп басып алууну уюштурган деп айыпталып, бирок сот тарабынан акталып чыккан.

60Пархат Тулендыбаев

«Ак-Жол» партиясынан Жогорку Кеңештин экс-депутаты. 2010-жылдан бери «Республика» партиясынын мүчөсү. Кыргызстандын Эркин күрөш боюнча федерациясынын вице-президенти. Ага чейин шаардык кеңештин депутаты жана ишкер болгон.

61Акбарали Батыров

2005-жылы Ош облусундагы Жапалак  айыл аймагынын башчысын шайлоодо талапкер болгон. Жеңилгенден кийин анын 50гө жакын тарапташы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы менен митингге чыгышкан. 2012-жылы «Республика» партиясынан Ош шаардык кеңешине депутаттыкка талапкер болгон.

62Махабат Мавлянова

MARYOTEL мейманканасынын, «Мэри» жана «Алтын Казына» ресторандарынын башкы директору. Азырынча талапкер тууралуу калган маалыматтар белгисиз, эгер сиздер билсеңиздер пикир катары материалдын төмөн жагына жазып калтырып, маалыматты толуктасаңыздар болот.

63Умбеталы Кыдыралиев

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты. Боксчу. Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин экс-директору. Кыргызстандын Алматыдагы мурдагы консулу. Бокс федерациясынын экс-президенти.

64Улан Чолпонбаев

«Ата-Журт» партиясынан парламент депутаты. «Манас» аба майданынын бажы көзөмөлүнүн мурдагы улук инспектору. Монголиянын Кыргызстандагы мурдагы ардактуу консулу. 2011-жылы депутаттын «Твиттеринде» ал унаасын мас абалында башкарып бара жатып, токтоткон МАИ кызматкерине «ксива көрсөткөн соң» аны коё бергендиги тууралуу билдирүү пайда болгон. Кийинчерээк Чолпонбаев анын аккаунтун «душмандары» бузуп кергендигин айткан. 2011-жылдын аягында «Фэйсбук» социалдык түйүнүндө ал кездеги парламент төрагасы Акматбек Келдибеков экөөнүн кыргыз криминал төбөлдөрүнүн бири Камчы Көлбаев менен түшкөн сүрөтү жарыяланган. Кийин Чолпонбаев уюшкан кылмыштуу топтун лидери менен Ысык-Көлдө жолукканын ырастап, бирок «Көлбаевдин кантип ал жакта болуп калганын билбестигин» айткан.

65Шамил Артыков

Ош облусунун Араван районунун мурдагы акими. Кызматынан расмий түрдө ал 2014-жылдын ноябрында өз каалоосу менен кеткен, бирок кээ бир ЖМКлар анын кызматтан кетишин жергиликтүү мектептердин бириндеги болгон көрүнүшкө байланыштырышкан. Анда окуу жайдын юбилейин белгилөө учурунда Өзбекстандын гимни коюлган имиш, бирок бул маалыматты Артыковдун өзү четке кагып келет.

66Уулкан Каратаева

Оштогу санитардык-эпидемиологиялык борбордук башкы дарыгери. Азырынча талапкер тууралуу калган маалыматтар белгисиз, эгер сиздер билсеңиздер пикир катары материалдын төмөн жагына жазып калтырып, маалыматты толуктасаңыздар болот.

«Кыргызстан» - 18 мандат

67Канатбек Исаев

«Кыргызстан» партиясынын төрагасы. Өкмөттүн Чүй облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү. Токмок шаарынын экс-мэри. «Республика» партиясынан парламенттин V чакырылышынын мурдагы депутаты. 2011-жылы парламенттик көпчүлүк коалициясынын төрагасы болгон.

68Азизбек Турсунбаев

Жогорку Кеңештин  IV чакырылышындагы «Ак-Жол» фракциясынын экс-лидери. 2011-2012-жылдары Жалал-Абад облусун жетектеген. «Кыргызстанга» мүчө болгонго чейин «Бир Бол» партиясында болчу.

69Нурбек Алимбеков

«Республика» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты. Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы депутаты. Ага чейин Каржы министрлигинде жетектөөчү адис кызматын аркалаган.

70Чолпон Султанбекова

Парламенттин V чакырылышынын вице-спикери, Жогорку Кеңешке «Республиканын» курамында барган. Өлтүрүлгөн депутат Баяман Эркинбаевдин жубайы. Кыргызстандын атайын кызматы тергөөнүн жыйынтыгында анын өлүмү «Кыргызстандын түштүгүндөгү маңзатын көзөмөлдөөгө» байланыштуу болгонун билдирген.

71Жыргалбек Калмаматов

«Агромет» ЖЧКсынын башкы директору. Ош шаарындагы жеке төрөт үйүнүн ээси. Калмаматовдун айтымында, анын баасы бир миллион долларды түзөт.

72Эркин Тентишев

«Союз ССР» партиясынын мурдагы башчысы, Азия медициналык институтунун негиздөөчүсү. Парламенттик шайлоонун алдында дароо эки партиянын тизмесине түшүп калган - «Ар-Намыс» жана «Кыргызстан». Кийин ал талапкер катары баруу үчүн «Ар-Намыс» партиясын караштырганын, бирок жыйынтыгында «Кыргызстанды» тандап алганын түшүндүргөн.

73Дастанбек Жумабеков

«Ата-Журт» парламенттик фракциясынын лидери. Ага чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде иштеген. Билими боюнча юрист.

74Гүлмира Орозалиева

Талапкер тууралуу азырынча маалымат белгисиз. Эгер сиздер билсеңиздер пикир катары материалдын төмөн жагына жазып калтырып, маалыматты толуктасаңыздар болот.

75Урмат Ишенбеков

Жеке ишкер. Бир катар ЖМКлардагы маалыматтар боюнча, Кочкор районундагы таасирдүү адамдардын бири болуп эсептелет. Мурда КСДПнын өкүлү болгон. «Вечерний Бишкек» анын туугандары Бишкектеги «Тюбетейка» жана «Кайнар» ресторандарына ээлик кылышат деп ишендирүүдө.

76Тынчтыкбек Конушбаев

Сауналар түйүнүнүн («Байтур» жана «Афродита»), «Төө Ашуу» тоо лыжа базасынын, Суусамыр өрөөнүндөгү кымыз менен дарылоо базасынын жана «Кожомкул» коомдук фондунун президенти. Билими боюнча экономист.

77Нурланбек Макеев

«Манас» аба майданынын бажысынын мурдагы начальниги. Талапкер тууралуу кошумча маалымат жок.

78Эльмира Жумалиева

Жогорку Кеңештин депутаты, парламентке «Республика» партиясынын курамы менен өткөн. Учурда «Ынтымак» депутаттык тобунун курамында. Бюджет жана каржы комитетинин мүчөсү. Билими боюнча экономист.

79Канатбек Муратбеков

Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары. Ага чейин өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болгон. Мурда ишкердик менен алектенген. Кезинде «Замандаш» партиясынын мүчөсү болгон.

80Дамирбек Асылбек уулу

Жогорку Кеңештин IV чакырылышындагы «Ак-Жол» партиясынан экс-депутат. «Республика» партиясынын курамында болгон. «Мегаком» уюлдук операторуна ээлик кылган «БиМоКом» компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси болгон. Грек-рим күрөшү боюнча спорттун чебери.

81Кубанычбек Нурматов

Кыргызстандын Эсеп палатасынын текшерүүчүсү. 2005-жылдан 2011-жылга чейин Жогорку Кеңештин кызматкери болгон. 2015-жылдын жазында Башкы прокуратура «Алдамчылык» жана «Жасалма документтерди пайдалануу» беренелери менен ага каршы кылмыш ишин козгогон — прокуратуранын версиясы боюнча, ал тиешелүү эмгек тажрыйбасы жок эле текшерүүчү болуп дайындалган. Курал-жарак сактагандыгы жана адам саламаттыгына атайылап зыян келтиргендиги үчүн соттолгон.

82Чолпон Эсенаманова

Жогорку Кеңештин аппарат жетекчисинин орун басары. Парламентте 2007-жылдан бери иштейт. Ага чейин премьер-министрдин аппаратында иштеген. Кызмат абалын ашыкча пайдалануу айыбы менен соттолуп, бирок кийин акталып чыккан мурдагы жаратылыш ресурстары министри жана парламенттин экс-депутаты Замирбек Эсенамановдун кызы.

83Алмазбек Баатырбеков

Жогорку Кеңештин депутаты. Парламентке «Республика» партиясынын тизмеси менен өткөн, учурда болсо «Ынтымак» депутаттык тобунун мүчөсү болуп эсептелет. Коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасы. Ага чейин Экономика министрлигинде жана салык инспекциясында иштеген.

84Медетбек Маметов

Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы, милициянын полковниги. Президенттин мурдагы аппарат башчысы Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланышкан иште айыпталуучу катары өткөн, бирок кийин акталган.

«Өнүгүү-Прогресс» - 13 мандат

85Бакыт Төрөбаев

Парламенттин V чакырылышынын «Республика» партиясынын тизмеси менен шайланган депутаты. Фракция ичиндеги ички пикир келишпөөчүлүктөрдөн кийин «Өнүгүү-Прогресс» партиясын негиздеген. Агасы Аскар Төрөбаев — Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын башчысынын орун басары, экинчи бир тууганы Батыр ун өндүрүүчүлөр ассоцациясын жетектейт. Атасы — Эргеш Төрөбаев — Аскар Акаевдин учурунда парламент депутаты болгон. 2002-жылы «АКИпресс» аны Кыргызстандын 100 бай адамынын тизмесине киргизген — анда ал «Жалал-Абад электр түйүндөр ишканасынын» башчысы кызматын ээлеп турган. Токтогул, Күрп-Сай жана Шамалды-Сай ГЭСтерин курууга катышкан эмгек сиңирген энергетик.

86Алтынбек Жунус уулу

Балыкчылык ишкер. Курулуш ишканасын жетектейт.  Азырынча талапкер тууралуу калган маалыматтар белгисиз, эгер сиздер билсеңиздер пикир катары материалдын төмөн жагына жазып калтырып, маалыматты толуктасаңыздар болот.

87Исхак Масалиев

«Кыргызстандын коммунисттер партиясынын» төрагасы. 2011-жылы Кыргызстандын президентин шайлоодо талапкерлигин койгон. Быйылкы парламенттик шайлоого чейин Мамлекеттик салык кызматын башкарган. Курманбек Бакиевдин кезинде парламенттин III жана IV чакырылышынын депутаты болгон. Кыргыз ССРинин коммунисттер партиясынын Борбордук комитетинин биринчи секретары Абсамат Масалиевдин уулу.

88Гүлшат Асылбаева

Алкоголь өндүрүү боюнча «Кыргыз Коньягы» ишканасынын жетекчиси.

89Тынчтык Шайназаров

«Республика» партиясынан парламенттин V чакырылышынын депутаты. Кийинчерээк «Өнүгүү-Прогресске» кошулган. Дээрлик 20 жыл бою прокуратура органдарында иштеген. Депутат кезинде соттук маселелер боюнча комитеттин мүчөсү болгон.

90Абдыкапар Султанов

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы көмүр өндүрүү боюнча «Тегене» ишканасынын жетекчиси. «Айкөлдүк» кайрымдуулук фондунун «Жылдын меценаты» сыйлыгынын лауреаты болгон.

91Эсенбек Назаралиев

2000-жылы парламент депутаты, бюджет комитетинин мүчөсү болгон. «Жолчу» акционердик коомунун төрагасы. Эмгек сиңирген куруучу наамына ээ.

92Хулкарпаша Сабирова

2010-жылдагы улуттар аралык кагылышуулардан кийин Кыргызстандан качып кеткен «Ак-Жол» партиясынын мурдагы депутаты Алишер Сабировдун жубайы. Сабированын өзү талапкер катары эки жолу парламенттик шайлоого катышууга аракет кылган, бирок ал аракеттери ийгиликсиз болгон. Анын атына Подмосковьедеги ресторан бизнеси катталган, бирок ал добуш берүү күнүнө эки апта калганда жоюлган же башка бирөөнүн атына которулган. Орусиянын жарандыгына ээ.

93Мирлан Бакиров

«Республика» партиясынан парламенттин V чакырылышынын депутаты. Кийин «Өнүгүү-Прогресс» партиясына кирген. Транспорт, байланыш, архитектура жана курулуш боюнча парламенттик комитеттин мүчөсү. Онлайн-казинолор менен букмекер кеңселерине каршы болгон.

94Абылкайыр Узакбаев

Ысык-Көл облусундагы Тамга айыл аймагынын башчысы. Азырынча талапкер тууралуу калган маалыматтар белгисиз, эгер сиздер билсеңиздер пикир катары материалдын төмөн жагына жазып калтырып, маалыматты толуктасаңыздар болот.

95Камчыбек Жолдошбаев

Парламенттин III чакырылышынын депутаты. Волейбол федерациясынын президенти. 100 млн. доллардан ашык байлыгы менен бир нече жолу Кыргызстандын эң бай адамдарынын тизмелерине кирген. Көмүр кендерин иштеп чыгуу менен алектенген “Беш-Сары” ЖЧКсынын башчысы. Бишкектеги Ош базарында жайгашкан “Беш-Сары” соода борборунун ээси. Базардын кызматкерлеринин бири аны зордуктоого жана сабоого айыптап, милицияга арыз менен кайрылган. Бирок бир нече күндөн кийин ал өз арызын кайра алган. Архитектура жана курулуш агенттиги “Беш-Сары” компаниясын соода борборунун кошумча кабатын уруксатсыз курган деп айыптаган. 

96Гүлай Машрапова

Ош облусунун мамадминистрациясынын башчысынын орун басары. Узак убакыт бою Ош облустук билим берүү башкармалыгын жетектеген. «Кыргыз тилдүү мектептер үчүн жат жазуулар жыйнагынын» автору.

97Зиядин Жамалдинов

Кыргызстандын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы. Жогорку Кеңештин III жана IV чакырылыштарынын депутаты. «Ак-Жол» партиясынын мүчөсү болгон, кийин «Ата-Журтка» кирген. Депутат кезинде Кыргызстандын жарандарын бардык расмий иш-чараларда өлкөнүн гимнин ырдоого милдеттендирген мыйзам долбоорун демилгелеген. 1994-жылдан 2003-жылга чейин Оштун салык инспекциясында түрдүү кызматтарда иштеген.

«Бир Бол» - 12 мандат:

98Мыктыбек Абдылдаев

«Ата-Журт» партиясынан парламент депутаты, мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча парламенттик комитеттин төрагасы. Бир аз убакыт парламентте «Ата-Журт» фракциясын жетектеген. 2002-жылдан 2005-жылга чейин Башкы прокуратураны башкарган. 2006-жылдан 2007-жылга чейин президент Курманбек Бакиевдин администрация жетекчиси болгон.

99Алтынбек Сулайманов

«Республика» партиясынан парламент депутаты, бюджет жана финансы комитетинин төрагасынын орун басары. Парламентте бир аз убакыт «Республика» фракциясын жетектеген. «Ата-Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев менен уруша кеткендиги менен белгилүү.

100Игорь Чудинов

Бийликтен куулган президент Курманбек Бакиевдин убагындагы экс-премьер-министр, «Кыргызгаз» мамлекеттик ишканасын жетектеген, дээрлик бир жыл Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри болгон. 2009-жылдын аягында, Бакиевдин мамлекеттик башкаруу реформаларынан кийин ал Максим Бакиевдин башкаруусундагы Инвестициялар жана инновацияларды өнүктүрүү боюнча Кыргызстандын борбордук агенттигинин алдындагы Өнүктүрүү фондунун башчысы болгон. 2010-жылдын апрелиндеги бийлик алмашуудан кийин ал каржы алдамчылыктарына айыпталып, издөөгө жарыяланган, бирок кийин ага тагылган айыптардын бардыгы тең алынган. 2015-жылдын сентябрында үгүт иштери башталары менен Башкы прокуратура Боршайкомдон депутат Карганбек Самаков менен 2008-жылдагы «мыйзамсыз жер тилкелерин трансформациялоо» иши боюнча Чудиновду камакка алууга уруксат берүүсүн өтүнгөн — тергөөнүн версиясы боюнча, жер тилкелерин жеке менчикке берүү маселелери экс-премьердин компетенциясына кирген.

101Чолпон Жакупова

Укук коргоочу, «Адилет укуктук клиникасы» коомдук фондунун башчысы. Тарых илимдеринин кандидаты, юрист. «Бир Болдун» тизмесине киргенге чейин ал «ЕвразияНет» басылмасына берген маегинде парламенттин 6-чакырылышы «базаркомдор менен билимсиз адамдарга толтура болот» деп билдирген.

102Акылбек Жапаров

Мурдагы каржы министри жана парламенттин экинчи жана бешинчи чакырылышынын депутаты. «Ар-Намыс» партиясынын мүчөсү болгон. Анын демилгелеринин бири — койлорго паспорт берүү — жарандардын арасында тамашалардын айтылышына шылтоо болгон. Кыргыз тилдүү гезиттердин маалыматтары боюнча, ал Кыргызстандын бай адамдарынын алдыңкы ондугуна кирет.

103Аскарбек Шадиев

Мурдагы энергетика жана өнөр жай министри, Аскар Акаевдин убагында каржы министринин орун басары, Курманбек Бакиевдин убагында парламенттин депутаты болгон. Учурда «Бир Бол» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү. «Асман-пресс» гезитинин версиясы боюнча, Кыргызстандын эң бай адамдарынын алдыңкы жүздүгүнө кирет.

104Жаныбек Бакчиев

Өмүрбек Бабановдун өкмөтүндө «Ата-Журт» фракциясынын мандаты менен Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеген. Кызматтан «Ата-Журт» парламенттик коалицияга кирбей калгандан кийин кеткен. Дээрлик 10 жыл коопсуздук органдарында иштеген.

105Лунара Мамытова

«Бир Бол» партиясынын басма сөз катчысы. КТРКда жаңылыктардын диктору, «Ала-Тоо» маалымат программасынын алып баруучусу жана редактору, ошондой эле түркиялык TRT телеканалында жаңылыктардын алып баруучусу болгон.

106Исхак Пирматов

«Республика» партиясынан парламент депутаты, экономика тармактарын өнүктүрүү боюнча комитеттин төрагасы. 2011-жылдын аягында ага каршы 2008-2010-жылдары «Кыргызнефтегаз» акционердик коомун башкарып турган кезде мамлекетке мүлктүк зыян келтирген жана кызмат абалын ашыкча пайдаланган деген айыптар менен кылмыш иши козголгон. Учурда ал иш убактылуу токтотулган.

107Кубанычбек Жумалиев

Кыргызстандын мурдагы транспорт жана байланыш министри. Аскар Акаевдин убагында өкмөттө жогорку кызматтарды ээлеген. Акаевдин администрациясын жетектеген, Жалал-Абад облусунун губернатору болгон. 2005-жылдын мартындагы бийлик алмашуудан кийин 10 жыл бою эч кандай мамлекеттик кызматтарда болгон эмес.

108Алмазбек Акматов

Мамлекеттик инспектор, Эсеп палатасынын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси. 2005-жылы президент Курманбек Бакиевдин иш башкармалыгынын башчысы болгон.

109Бакыт Есенбаева

Азырынча талапкер тууралуу калган маалыматтар белгисиз, эгер сиздер билсеңиздер пикир катары материалдын төмөн жагына жазып калтырып, маалыматты толуктасаңыздар болот.

«Ата Мекен» - 11 мандат:

110Өмүрбек Текебаев

«Ата Мекен» партиясынын лидери, парламенттин III чакырылышынын төрагасы болгон. 2010-жылдын апрелиндеги бийлик алмашууну жана башкаруу формасын парламенттикке алмаштырууну демилгелегендердин бири. Бир катар эксперттер менен ЖМКлар аны «эң таасирдүү» парламентарий деп айтып жүрүшөт.

111Садык Шер-Нияз

«Курманжан Датка» тасмасынын режиссеру, мурдагы маданият жана маалымат министри, Кыргызстандын кинематографисттер союзунун төрагасы, депутат Болот Шердин бир тууганы.

112Аида Салянова

Кыргызстандын мурдагы башкы прокурору, мурдагы юстиция министри, депутаттар менен мамлекеттик чиновниктерге каршы көптөгөн кылмыш иштерин козгогондугу менен белгилүү.

113Наталья Никитенко

«Ата Мекен» фракциясынан парламент депутаты, адам укуктары, конституциялык мыйзам жана мамлекеттик түзүлүш боюнча парламенттик комитеттин төрагасы.

114Жоомарт Оторбаев

Кыргызстандын экс-премьер-министри, окумуштуу жана Аскар Акаевдин убагында президенттин алдындагы Инвестицияларды тартуу боюнча агенттиктин мурдагы башчысы.

115Жоомарт Сапарбаев

«Ата Мекен» фракциясынан парламент депутаты, эл аралык иштер боюнча комитеттин төрагасынын орун басары жана Текебаевдин жакын санаалаштарынын бири.

116Бахадыр Сулейманов

«Ата-Журт» фракциясынан парламент депутаты, Кыргызстан дунгандары коомдук бирикмесинин президенти.

117Айсулуу Мамашева

«Дасмия» этно-көңүл ачуучу комплексине ээлик кылган «Дасмия» компаниясынын президенти, мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри Турусбек Мамашевдин кызы. 

118Сайдулла Нышанов

«Ата Мекен» фракциясынан парламент депутаты, Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактарды өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы.

119Алмамбет Шыкмаматов

Мурдагы юстиция министри, «Кумтөрдүн» улутташтырылышынын тарапташтарынын бири жана Текебаевдин жакын санаалаштарынын бири.

120Эмил Токтошев

Чакмак кант өндүрүү боюнча «Бай элим компани» компаниясынын директору. Талапкер боюнча калган маалыматтар азырынча белгисиз.