Парламенттин жаңы чакырылышынын иши башталар алдында партиялар талапкерлеринин тизмесин өзгөртөбү? Эгер өзгөртсө ал мыйзамдуу болобу? Партиялар аны кандай жол менен жасашат? Kloop.kgнин редакциясы шайлоодон кийин талапкерлердин кандай ооштурула тургандыгын жана пармаментте партиялардын атынан кимдердин болорун түшүндүрөт.
Добуштарды электрондук саноолордун болжолдуу жыйынтыктары боюнча, парламентке 6 партия өттү: КСДП, «Республика — Ата-Журт», «Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Бир Бол» жана «Ата Мекен».
Тема боюнча: Парламенттин VI чакырылышынын депутаттарынын болжолдуу тизмеси
Тизмелер кандай болот?
Эгер «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу» конституциялык мыйзамга таянсак, анда партиялар шайлоого «ийкемсиз тизмелер» менен катышып жатышат — тактап айтканда, алар добуш берүү күнү менен шайлоонун жыйынтыктары расмий түрдө жарыяланган күндүн аралыгында тизмени өзгөртө алышпайт.
«Ата Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаев парламенттин V чакырылышында депутат болуп турганда шайлоо мыйзамына «ийкемдүү тизме» тууралуу өзгөртүүлөрдү киргизүүгө аракет кылган, бирок ал аракети ийгиликтүү болгон эмес. Башка депутаттар аны партия лидерлерине тизмелерди өзгөртүүгө артыкчылык укуктарын берүүнү каалап жатат деп айыптап чыгышкан.
Шайлоодон кийин партиялар тизмелерин өзгөртө алышабы?
Жок. Ошол эле «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу» мыйзамга ылайык, партиялардын лидерлери да, шайлоого катышып жаткан саясий уюмдардын өзүлөрү да шайлоодон кийин талапкерлер тизмелерин өзгөртө алышпайт.
Тизмелер партияларды талапкер катары шайлоого каттап жаткан маалда Борбордук шайлоо комиссиясына берилет жана ага добуш берүү күнүнө 5 күн калганга чейин өзгөртүү киргизүүгө болот.
(Талапкерди каттоодон алуу үчүн да өзүнчө жол-жоболор каралган. Алардын тизмесин шайлоолор тууралуу мыйзамдын «Талапкерди, талапкерлер тизмесин каттоодон алуу, добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгаруу жана шайлоонун жыйынтыктары тууралуу» беренеден табууга болот).
Бирок ЖМКларда тизмелердин өзгөрүшү тууралуу айтылып жатпайбы
Партиялар тизмесин өзүлөрү өзгөртө алышпайт деген тизмелер таптакыр өзгөрбөйт дегенди түшүндүрбөйт.
Боршайкомдун мүчөсү Рашид Бекбасаров Kloop.kgге курган маегинде түшүндүргөндөй, тизмедеги өзгөрүүлөр талапкер мандаттан өз эрки менен баш тарткан учурда гана мүмкүн (эгер добуш берүү күнүнөн кийинки процесстер тууралуу сөз кыла турган болсок).
«Бирок бул партиялардын ичиндеги процесс жана анын баары мыйзам чегинде болуп жатса биз ага кийлигишүүгө укугубуз жок», — деди Бекбасаров.
Шайлоого «Республика — Ата-Журт» партиясынын тизмеси менен катышкан депутаттыкка талапкер Гүлнара Асымбекова ал партиялаштары менен бирге башында эле шайлоодон кийин тизменин өзгөртүлүшүнө макул болгондуктарын билдирди. Айтымында, аны менен партия лидери Өмүрбек Бабанов алектенет.
«Кимдин кандай добуш алганына жана гендердик маселе кандай каралышы керектигине байланыштуу маселе чечилет деген ойдомун. Чечимди лидер өзү кабыл алат. Биз ага ишенебиз. Ошондуктан бул жерде эч кандай маселе болбойт», — деп жазган «Азаттык» радиосу анын айткандарын.
Азыр өзгөртүүлөр тууралуу бир нерсе белгилүүбү?
Азырынча аз гана нерсе белгилүү, анткени бул процесстер жабыш эшик артында өтүп, аларга партиялык босстор гана катышып жатышат.
Бирок 24.kg маалымат агенттиги «Ата Мекендин» талапкерлери Жоомарт Оторбаев менен Жоомарт Сапарбаев депутаттык мандаттарынан баш тартышы мүмкүндүгүн жазды.
Болжолдуу жыйынтыктар боюнча парламентте 38 мандатка ээ боло турган Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы шайлоо жарышы башталганга чейин эле «ийкемсиз тизмени» карманарын жана шайлоодон кийин партия ичинде эч кандай ооштуруулардын болбой тургандыгын билдирген.
Ошол эле «Азаттык» талапкерлер VI чакырылышта мандат ала ала турган үч факторду келтирген:
- үгүт иштери маалында шайлоо фондуна «чоң» акчалай салым кошуу;
- саясий капитал (макамы, популярдуулугу);
- шайлоо күнүндө белгилүү бир райондон партияга алып берген добушунун саны.
Тизмени өзгөртүүгө дагы кандай себептер болушу мүмкүн?
Мисалы, «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын талапкери Хулкарпаш Сабированын учурундагыдай талапкер башка өлкөнүн жарандыгына ээ болсо. Бир нече күн мурда Сабированын Орусия жарандыгына ээ экендиги белгилүү болгон. Эми ал депутат боло албай, анын тизмедеги 8-орунун башка талапкер алышы мүмкүн.
Сүрөт иллюстрациялык мүнөзгө ээ.