Кыргызстан жана Тажикстан курама командаларынын ортосундагы футболдук беттештен кийин кыргыз фанаттары спортчуларды кубаттап, ыраазычылык билдирүү үчүн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун алдына чогулушту.

8-октябрда өткөн Кыргызстан жана Тажикстан курамаларынын ортосундагы беттеште кыргыз футболчулары кошумча берилген убакытта гол киргизип тең чыгууга жетишишкен.