Болот Ибрагимовдон пара талап кылган делинген ЖКК кызматкерлеринин иши боюнча сотто ЖККнын соцтармактарда «дрыщ» деген атка ээ болгон мурдагы «штаттан сырткаркы кызматкери» Адилет Жунусовдун жактоочусу менен активисттин ортосунда кайым айтышуу болду. Жунусовдун жактоочусу активисттин 28-июндагы окуяны «уруксатсыз» видеого тартканына нааразычылыгын билдирди.

Жунусовдун жактоочусу Октябрь райондук сотунун 9-октябрдагы жыйынында активист Болот Ибрагимовдон 28-июнда болгон окуянын эмнеге видеого тартылгандыгын түшүндүрүп берүүсүн талап кылды.

Жактоочусунун дооматына Ибрагимов: «Мыйзам менен тыюу салынбаган нерсеге уруксат берилген» деп жооп берди.

«Менин жообуман кийин […], Жунусовдун жактоочусу үнүн жогорулатуу менен кайра-кайра эле «Сизге ким уруксат берди?» деп кайталады. Мен ошол эле жообумду үч жолу кайталадым. Андан соң судья «урушпагыла!» деп менин сөзүмдү бөлдү», — деп жазды Ибрагимов Facebook социалдык түйүнүндөгү баракчасына.

Ибрагимов өзүнүн «сылык жана үнүн жогорулатпастан» сүйлөгөнүнө карабастан судья дал ага эскертүү бергенин жазган.

Ибрагимов ал ЖККнын мурдагы штаттан сырткаркы кызматкерин кечирип, ага карата камакка алуу баш коргоо чарасынын белгилениш суранбагандыгына карабастан Жунусовдун жактоочусу аны жаңжалдашууга «көкүтүп» жатат деп эсептейт.

«Адилет [Жунусов] бир нече жолу кечирим сурап, кылганына өкүнүп жатканын айткан. Бирок анын жактоочусу мени жаңжалдашууга көкүтүп жатат», — деп билдирди Ибрагимов Kloop.kgнин кабарчысына.

Соттук процессте Жол кайгуул кызматынын кызматкерлери Жеңиш Чокморов менен Урмат Белеков пара талап кылууга жана кызмат абалын ашыкча пайдаланууга, а кызматтын мурдагы штаттан сырткаркы кызматкерлери Азирет Арызов менен Адилет Жунусов болсо «бейбаштыкка» айыпталышууда.

Сот айыпталуучуларды суракка алууну 12чи жана 13-октябрь күндөрү өтө турган жыйындарга белгиледи.

Тема боюнча: Видео: Активисттен пара талап кылган ЖКК кызматкерлеринин иши боюнча сот башталды

Куугун жана пара талап кылуу

28-июнга караган түнү активист Болот Ибрагимов менен достору бара жаткан автоунааны Ахунбаев-Матросов көчөлөрүнүн кесилишинен ЖКК инспекторлору токтотушкан. Кызматкердин документтерин көрсөтүү талабына айдоочу аларды унутуп калгандыгын айткан.

Документтеринин жоктугунан улам инспектор алгач унааны айып төлөөчү унааларды коё турган жайга алып барууну сунуштаган, андан кийин «абалдын чыгуунун башка жолун» сунуштап, 5 миң сом өлчөмүндө пара талап кылып баштаган. Инспектордун пара талап кылуу аракетинен кийин роликтин каарманы документтерин издеп таап, аны кайгуу кызматкерине көрсөткөн.

Ибрагимовдун айтымында, андан кийин «жарандык кийимчен белгисиз адамдар» «чыр чыгарууга чагым кылышкан».

«Андан соң биз кеттик, артыбызга болсо ак түстөгү Мерседес, В7007Х түштү. Анын айнектери толугу менен караңгылатылган экен. Анда айдоочусу менен жүргүнчүсү жана инспектор болгон. Алар бизди кубалап жетип, алдыбызды тосуп токтотуп, арткы жана алдынкы номурларыбызды алып кетишти», — деп билдирген анда ал.

Ал окуя менен Ибраимовдун жарыялаган видеосу ЖККнын дарегине көптөгөн сын-пикирлердин жаралуусуна себеп болгон.

Алгач Ички иштер министрлигинин алдындагы Жол кайгуул кызматынын жетекчилиги кызматкерлерине сөгүш жарыялаган, бирок коомдук сын-пикирлерден кийин мекеме аларды кызматтан кетирген.