Бишкек милициясы менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери «ЭкоИсламикБанктын» борбордогу Бөкөнбаев жана Абдырахманов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан өкүлчүлүгүнүн жанынан «бомба» табышкан жок.

«ЭкоИсламикБанктын» нөөмөттөгү күзөтчүсү Таалайбек Жапановдун айтымында, ал 12-октябрь күнү күндүз имараттын кире беришинен шектүү кутуну байкаган.

«Мен коркунучту билдирүүчү баскычты басып, өзүмдүн күзөт бөлүмүмө билдирдим. Алар эки мүнөттүн ичинде жетип келишти — аймакты курчоого алып, бардык кызматкерлерди эшикке алып чыгышып нускама боюнча иш алып барышты», — деди Жапанов Kloop.kgге.

Ал 15-20 мүнөттөн кийин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери да келгенин айтты.

«Кутуну ачкандан кийин криминалисттер андан кара баштык табышты, бирок анын ичинде эч нерсе жок болуп чыкты», — деди күзөтчү.

«АКИpress» маалымат агенттиги бул маалыматты ырастоодо — ал имаратты курчоого алган укук коргоо органдары жыйынтыгында кутудан эч нерсе таппагандыктарын жызды.

«Адистер кутуну карап чыгышты, бирок анда эч кандай жарылуучу зат болгон эмес. Бир нече целлофан баштыкты эске албаганда куту бош болуп чыкты», — деп жазды агенттик.

Бул боюнча укук коргоо органдары менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Милициянын тынымсыз байланыш кызматынын оператору Kloop.kgнин кабарчысына окуя боюнча эч нерсе билбей тургандыгын айтты.

Автор: Мээрим Асаматова