Чүй облусунун Төмөнкү Нооруз аймагында жайгашкан №50 тергөө абагынан тогуз кылмышкер качып кетти, деп билдирүүдө Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы. Мекеменин маалыматы боюнча, качкандардын бешөөсү милиция тарабынан кармалышып, калган төртөө эркиндикте жүрүшөт.

11-октябрдан 12-октябрга караган түнү №50 тергөө абагынан тогуз кылмышкер качып кетти, бул тууралуу Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтан билдиришти. Тергөө абагы Чүй облусунун Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан.

nijnor

Жаза аткаруу кызматынан кылмышкерлер качуу маалында тергөө абагынын үч кызматкерин өлтүрүшүп, дагы бир кишини жарадар кылгандыктарын кошумчалашты. Ошондой эле тергөө абагынын күзөтчүсү качып бара жаткандардын бирөөсүн жарадар кылгандыгы кабарланууда.

Жаза аткаруу кызматынын маалыматы боюнча, качкандардын экөөсү өмүр бою эркинен ажыратылышкан, башка экөөсүнүн иши боюнча тергөө иштери жүрүп жаткан. Алардын бардыгы тең диний экстремизмге айыпталышууда.

«Мекеме кызматкерлери кылмышкерлердин качкандыгы тууралуу ИИМге дароо билдиришип, алар айдап кеткен автоунаа тууралуу маалымат беришкен», — деп жазылган Жаза аткаруу кызматынын пресс-релизинде.

Атайын кызматтагылардын маалыматы боюнча, качкандардын бешөөсү Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалышты, дагы төртөө азырынча эркиндикте жүрүшөт. Милиция «Сирена» аталышындагы колго түшүрүү планын жарыялады.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге берген маегинде Жол кайгуул кызматынын инспекторлору Жаза аткаруу кызматы тарабынан билдирилген автоунаага окшош «унааны байкашкан».

«ЖКК кызматкерлери кылмышкерлер качты деп билдирилген унаага окшош машинаны байкашкан. Алардын автоунааны токтотуу талабына [качкандар] көңүл бурушкан эмес. Буга байланыштуу алардын артынан кууп барышкан», — деп билдирди Осмонбаев.

Анын айтымында, качкан кылмышкерлер ЖКК кызматкерлери ок чыгарып баштагандан кийин гана унааны токтотушкан.

«Кабар» маалымат агенттиги билдирип жаткандай, учурда эркиндикте төмөндөгүлөр калууда:

Итибаев Алтынбек Абдиметалиевич, 1977-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну. Улуту кырыгыз, мурда соттолгон. Өзгөчө белгилери: Көзү каралжын, чачы кара, спорттук дене түзүлүштө, бою 170-175 см. Кыргызстанда 2012-жылдан бери тыюу салынган “Жайшул-Махди” партиясынын мүчөсү.

50-1

Абдырахманов Эдил Алимжанович, 1987-жылы туулган. Чүй облусунун Көк-Жар айылынын тургуну. Улуту кыргыз. Мурда соттолбогон. Өзгөчө белгилери: бою 170-175 см. Арыкчырай, көздөрү каралжын, чачы кара. Бир көзү жок. Салттуу эмес исламдын активдүү колдоочусу жана таркатуучусу, тыюу салынган “Жайшул-Махди” партиясынын мүчөсү.

50-2

Мүзүралиев Азамат Мамсетиович, 1987-жылы туулган. Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын тургуну. Улуту кыргыз. Мурда соттолбогон. Өзгөчө белгилери: Бою 170-175 см. Көздөрү каралжын, чачы кара. Салттык эмес исламдын колдоочусу, таркатуучусу, тыюу салынган “Жайшул-Махди” партиясынын мүчөсү.

50-3

Кадыралиев Данияр Кылычбекович, 1976-жылы туулган. Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш айылынын тургуну. Улуту кыргыз. Мурда соттолбогон. Өзгөчө белгилери: бою 170-175 см. Көздөрү кара, чачы кара. Салттык эмес исламдын активдүү колдоочусу жана таркатуучусу, тыюу салынган “Жайшул-Махди” партиясынын мүчөсү.

50-4

Кызматтык териштирүү

12-октябрда премьер-министр Темир Сариев күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда өткөргөн чукул жыйында Жаза аткаруу кызматынын башчысы Алик Мамыралиевден баштап кылмышкерлердин качып кетүүсүнө жол берген күзөтчүлөргө чейин «жоопкерчиликтерин карап чыгууну» тапшырды.

«Кылмышкерлердин качып кетүүсү фактысы боюнча кылмыш иши козголду, комиссия түзүлүп, кызматтык териштирүү иштери жүрүүдө, кылмышкерлерди колго түшүрүү боюнча бардык тиешелүү чаралар көрүлүүдө», — деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

Сариев ошондой эле күч түзүмдөрүнө борбордогу стратегиялык объектилерди «өзгөчө көзмөлгө алуу» тапшырмасын берди. Бирок кайсыл объектилер экени такталып билдирилбей эле.

12-октябрь күнү эртең менен борбордогу №1 тергөө абагынын алдынан өткөн Kloop.kgнин кабарчысы мекеменин кире беришинде атайын даярдыктагы аскер бөлүктөрүнөн турган курчоо болгонун билдирди.