Коргоо министри Абибилла Кудайбердиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тарабынан мекемесинде «туруктуу коррупциялык схема» түзүүгө айыпталгандан кийин Алмазбек Атамбаев аны кызматтан бошотуу тууралуу жарлыкка кол койду.

Президент Алмазбек Атамбаевдин басма сөз кызматы Кудайбердиевдин отставкасы тууралуу ал УКМК тарабынан коррупцияна айыпталгандан бир сааттан кийин билдирди.

Коргоо министринин милдетин аткаруучу болуп Кудайбердиевдин орун басары Замир Сүйөркулов дайындалды.

УКМКдан Кудайбердиев 2014-жылдын августунда өз буйругу менен «Аскер Курулуш» мамлекеттик ишканасына 2 жылдык мөөнөткө «мыйзамсыз» 12 млн. сом бөлүп бергендигин билдиришкен.

«Бөлүнгөн ал акча каражаты бюджеттин долбоорун түзүүдө жана республикалык бюджеттин бекитилишинде туура эмес маалыматтарды берүү менен эсептен жашырылып, Коргоо министрлиги менен «Аскер-Курулуш» мамлекеттик ишканасынын белгилүү бир кызматтык адамдарынын жеке баюусу максатында пайдаланылган», — деп билдиришкен УКМКдан.

УКМКнын маалыматы боюнча, 12 млн. сом бир нече компаниялар ортосунда бөлүштүрүлгөн — 2 млн. сом «Ояма» ЖЧКсына, 3 млн. сом — «Айти Булак» жана 7 млн. сом «ЖКХ Комунальщик сервис» компаниясына бөлүнгөн.

«[Акча бөлүнгөн компаниялардын] директорлору «Аскер Курулушта» айдоочу, сантехник жана цехтин адиси болуп иштешкен», — деп жазылган Улуттук коопсуздук кызматынын пресс-релизинде.

Мекемеден 2014-жылдын августуна карата аталган үч компания мамлекеттик ишканага 58 млн. сом карыз болгондуктарын белгилеген.

Коргоо мекемесинин чиновниктери Кылмыш кодексинин «кызмат абалын кыянат пайдалануу», «кызматтык жасалмалуулук» жана «ишенип берилген мүлктү коротуу же өзүнө алып алуу» беренелери боюнча айыпталып жатышат.

Ошондой эле атайын кызматтын билдирүүсү боюнча, кылмыш иши «Аскер Курулуш» мамлекеттик ишканасынын бир катар жумушчуларына каршы да козголгон.

Коргоо министрлигинин жетекчилигине каршы кылмыш иштери

Бул Коргоо министрлигинин системасында алгачкы коррупциялык айыптоо эмес. Сентябрда УКМКнын кызматкерлери «аскердик объектилердин курулушундагы мыйзам бузуу фактылары боюнча текшерүү иштерин токтотуу» үчүн 10 миң доллар пара сунуштагандыгы үчүн «Аскер Курулуш» мамлекеттик ишканасынын директору Кубанычбек Колхожоевду кармашкан.

Анда Башкы штабдын басма сөз кызматынан Kloop.kgнин кабарчысына «Аскер Курулуш» мамлекеттик ишканасы Коргоо министрлигинин карамагында болгону менен кармалган башчы «жарандык адам» болуп эсептелээрин жана мекемеде келишим боюнча иштей тургандыгын билдиришкен.

«Негизи ал [кармалган адам] албетте жарандык адам. Ал биз менен келишим боюнча иштейт», — деп билдиришкен басма сөз кызматтан.

Кубанычбек Колхожоев 2011-жылы Коргоо министрлигинин курулуш жана аскерлерге батир берүү башкармалыгын полковник наамындагы башчысы болгон.

Мекеменин басма сөз кызматынан ал 2012-жылы пенсияга чаккындыгын белгилешкен.

Бул акыркы ай ичинде Кыргызстандын Коргоо министрлигинин жогорку жетекчилигинин арасындагы экинчи кармоо учуру — 12-сентябрда УКМК жараты тууралуу жалган документ жасагандыгы үчүн коргоо министринин орун басары Нуркалый Жумабаевди кармашкан.

УКМКнын версиясы боюнча, ал Коргоо министрлигинин имаратынан чыгып бара жатып бутун кокустатып алып, аны кызматтык жарат деп мыйзамсыз түрдө камсыздандыруу каражатын алып турган.

Сүрөт: «Азаттык».
Соавтор: Дмитрий Мотинов.