Премьер-министр Темир Сариев Financial Times британ гезитине курган маегинде кыргыз экономикасы Казакстан менен Орусиянын улуттук валюталарынын девальвациясынан улам «кыйынчылыкка туш болуп жаткандыктан» Кыргызстандын Улуттук банкы менен өкмөтү сомду арзандатуунун үстүнөн «иштөөсү» зарыл экенин билдирген.

Financial Times британ гезитиндеги макала 11-октябрда чыккан — анда басылманын журналисттери ооган Талибдерине каршы күрөшүү үчүн борборазия өлкөлөрү тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу жазышкан.

Анын ичинде материалда Кыргызстан менен Тажикстандын бийлиги октябрдын башында Талибан согушкерлери басып алган Ооганстандын Кундуз шаарындагы акыркы окуяларга реакция жасагандыктары тууралуу айтылган.

Кыргыз преьмер-министри Темир Сариевдин айтымында, өлкө бийлиги Кыргызстандын түштүк чек араларын бекемдөө боюнча чараларды көрүүдө.

«Албетте биз Ооганстанда болуп жаткан окуяларга тынчсыздануудабыз, ошондуктан чек араларыбызды бекемдөөгө кадамдар жасалууда», — деп жазган британ басылмасы Сариевдин айткандарын.

Сариев чек араларды бекемдөө үчүн көрүлүп жаткан чаралардан сырткары экономикалык маселелер — Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигине кирүүсү жана кыргыз сомуну курсунун төмөндөөсү  тууралуу да сөз кылган.

«Биз өз эгемендүүлүгүбүздү [Орусияга] берген жокпуз. Бул тандоо [ЕАЭБге кирүү] узак мөөнөттүү перспективага… Биз анын жыйынтыктарын эртең эле көрө калбайбыз», — деп жазган британ гезити кыргыз өкмөт башчысынын айткандарын.

Андан сырткары ал Кыргызстан казак теңгесинин девальвациясы менен орус рублинин арзандашынан «кыйынчылыкка туш болуп жатканын» билдирген. Анын пикиринде, кыргыз сому дагы «арзандашы» керек.

«Кыргыз сому менен орус рублинин айырмасы дайыма 23-25 тыйын болчу. Бүгүн бул айырма 5 тыйынды түзүүдө… Бул жагынан алганда Улуттук банк менен өкмөттө ойлоно турган жана иштей турган нерселер бар», — деп белгилеген Сариев.

Сомдун арзандашы

Кыргыз сому 2015-жылдын башынан бери эле 16 пайызга арзандаган, деп билдирген Улуттук банк сентябрдын ортосунда.

Кыргыз сомунун акыркы кескин арзандашы казак теңгесинин курсунун эркин кое берилгендигине байланыштуу болгон. Эркин кое берүү деген бул Казакстанда доллардын курсу бийлик тарабынан эмес, а рынок тарабынан аныкталат дегенди түшүндүрөт.

Анда эксперттер  Kloop.kgге курган маектеринде коңшу өлкөнүн өкмөтүнүн ал аракеттери кыргыз товарларынын атаандаштыкка туруштук берүүсүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүндүгүн билдиришкен. Алардын айтымдарында, анткени кыргыз товарлары казак товарларына  караганда кымбатыраак болот.

Экономика жана финансы боюнча эл аралык адис Данияр Айтман 2015-жылдын августунда akchabar.kg порталына басылып чыккан материалда Улуттук банк валюталык интервенцияларды токтотушу керек деген пикирин билдирген.

Анын айтымында, Улуттук банк олуттуу валюталык интервенциялары менен сомдун курсунун төмөндөшү үчүн «объективдүү рыноктук трендди кармап турат».