Футбол боюнча Кыргызстан курамасы өз талаасында Бангладеш командасын 2:0 эсебинде утту. Беттеш 2018-жылкы дүйнөлүк биринчиликке тандап алуу оюндарынын алкагында өткөн.

Оюндун толук видеосу:

Тексттик трансляция:

(function() {
var lb24 = document.createElement('script'); lb24.type = 'text/javascript'; lb24.id = '24lbScript'; lb24.async = true; lb24.charset="utf-8";
lb24.src = '//v.24liveblog.com/embed/24.js?id=1305646';
(document.getElementsByTagName('head')[0] || document.getElementsByTagName('body')[0]).appendChild(lb24);})();

Төрт беттештен кийин Кыргызстан «B» тобунда үчүнчү орунда — кыргыз курамасынын эсебинде: 1 жеңиш, 1 жеңилүү жана 2 тең чыгуу.

Мындан мурдагы айлампадан кийин биринчи орунга Иордания курамасы чыкты, анын эсебинде үч жеңиш жана бир тең чыгуу бар. Австралия курамасы иорданиялыктардан болгону бир упайга калууда. Ал үч жеңиши жана бир жеңилүүсү менен топтун экинчи сабына жазылды.

"B" тайпасынын турнирдик таблицасы:

[supsystic-tables id="1"]

Бул тандап алуу айлампасындагы Кыргызстан менен Бангладештин ортосундагы экинчи беттеш — Даккада өткөн биринчи оюнда кыргыз командасы 3:1 эсебинде жеңишке жеткен болчу.

Дүйнөлүк чемпионаттын кийинки тандап алуу айлампасына өтүү үчүн Кыргызстан калган бардык беттештеринде жеңишке жетиши керек болот.