Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Алмаз Асаналиев парламенттик шайлоонун акыркы жыйынтыктары ушул аптанын аягына чейин белгилүү болушу мүмкүндүгүн билдирди. Шайлоонун өзү 4-октябрда өткөн.

Парламенттик шайлоонун акыркы жыйынтыктары эртең деле белгилүү болушу мүмкүн, бул тууралуу Kloop.kgге Боршайкомдун мүчөсү Алмаз Асаналиев билдирди.

«Бардык иштер аяктагандан кийин жыйынтыктарын жарыялайбыз. Бүгүн эмес болсо — анда эртең. Эртең эмес болсо — анда анын аркы күнү», — деди Асаналиев.

Ал БШК шайлоо жыйыныктарын жарыялоо үчүн сөзсүз эле 20-октябрды күтүүсү керек эмес экенин белгиледи — алгач Боршайком добуш берүүнүн жыйынтыктарын 20-октябрга чейин жарыялоону убадалаган болчу.

«Мыйзам боюнча добуш берүү күнүнөн кийинки 20 күндүн ичинде шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыяланышы керек. Учурда материалдар дээрлик даяр», — деп билдирди ал.

БШК мүчөсү шайлоонун расмий жыйынтыктары жарыялангандан кийинки үч күн ичинде аны менен макул болбогондор сотко кайрыла ала тургандыктарын белгиледи.

Ошондой эле Алмаз Асаналиев парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыктары жарыяланары менен БШК «дароо эле» депутаттардын болжолдуу тизмелерин билдире тургандыгын айтты.

Добуш берүүнүн болжолдуу жыйынтыктары жарыялангандан кийин Kloop.kg парламенттин VI чакырылышынын депутаты болуп калуу ыктымалдыгы жогору болгон талапкерлердин тизмесин түзгөн. Бирок парламенттин курамы андан кыйла айырмаланышы мүмкүн. Эмнеге экенин бул макаладан окуй аласыңдар.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өткөн. Добуштарды электрондук эсептөөлөрдүн болжолдуу жыйынтыктары боюнча, парламентке 6 партия өттү: КСДП, «Республика — Ата-Журт», «Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Бир Бол» жана «Ата Мекен». БШКнын маалыматы боюнча, бул партиялар өлкө боюнча коюлган 7 пайыздык жана аймактык 0,7 пайыздык чектен ашышкан.

Бирок мыйзамга ылайык, шайлоонун акыркы жыйынтыктары добуштар колго эсептелип чыккандан кийин чыгарылат.

Тема боюнча: Шайлоо-2015: БШК депутаттыкка талапкер катары Орусиянын жаранын каттаган