ИИМ кызматкерлери Бишкектеги Гареев атындагы ботаникалык бакчадан абактан качкан кылмышкерлерди табышкан жок. Эртең менен алар 11-октябрь түнү №50 тергөө абагынан качып кеткендерди издөө үчүн бакчанын аймагын курчоого алышкан болчу. Кылмышкерлердин ал жакта жүргөндүгү тууралуу маалымат милицияга «шаар тургунан» келип түшкөн.

Учурда борбордогу Гареев атындагы ботаникалык бакчадагы ыкчам-издөө иш-чаралары аяктады. Бул тууралуу Kloop.kgге ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

«Анын жүрүшүндө абактан качкандар ботаникалык бакчанын аймагынан табылган жок. Анда түрмөдөн качкан кылмышкерлердин бирөөсүнө окшош адамды көргөндүктөрү тууралуу ыкчам маалымат болгон. Аны шаар тургундарынын бирөөсү билдирген», — деди Kloop.kgнин кабарчысына басма сөз кызматтын өкүлү Эрнис Осмонбаев.

Анын айтымында, 14-октябрда ИИМ менен ШИИБнин бир нече бөлүмү ботаникалык бакчаны эки тарабынан курчоого алып издөө иштерин жүргүзүшкөн, бирок ал жактан эч кимди табышкан эмес.

«Бул тууралуу кабарлаган адам жаңылып калган окшойт, бирок жарандар сак болуулары керек. ИИМ жарандарды шектүү адамдар тууралуу билдирүүгө чакырат», — деди Осмонбаев.

Операция жүргүзүлүп жаткан маалда ал ботаникалык бакчадан абактан качкан кылмышкерлерди дал өздөрүн көргөндүктөрү тууралуу маалыматтын «так эмес» экенин билдирген. Анын айтымында, анда милиция тарабынан таратылган сүрөттөрдөгү адамдарга окшогондорду көргөн болуулары мүмкүн.

Милиция Гареев атындагы ботаникалык бакчаны 14-октябрь күнү эртең менен курчоого алып, анын аймагынан абактан качкан кылмышкерлерди дээрлик бир күн бою издешти.

Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев 14-октябрда журналисттерге №50 тергөө абагынан качкандарды издөөгө «мыкты күчтөр» тартылганын жана кылмышкерлер жакында кармала тургандыктарын айткан.

«Жакынкы убактарда аларды колго түшүрөбүз, алар мыйзамдын бардык катаалдыгында жоопко тартылышат», — деп жазган «Кабар» агенттиги анын айткандарын.

11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү Нооруз айылдагы №50 тергөө абагынан тогуз кылмышкер качып кеткен. Качуу маалында алар абактын үч кызматкерин өлтүрүп, дагы бирөөсүн катуу жарадар кылышкан.

Алардын бешөөсү ошол эле түнү колго түшүрүлүшкөн, а калган төртөө учурда эркиндикте жүрүшөт.

Кийинчерээк Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын өкүлдөрү кылмышкерлер качкан маалда абакта электр жарыгынын жок болгонун билдиришкен — болжолдуу маалыматтар боюнча, электр жарыгын кылмышкерлер өзүлөрү өчүрүшкөн.

Тема боюнча: Видео: Абактардагы системалык көйгөйлөр кылмышкерлердин качуусуна алып келди

Сүрөт: «Азаттык».