Атайын кызматтагылар коргоо министринин мурдагы орун басарын мыйзамсыз баюуга айыпташты — укук коргоо органдарынын версиялары боюнча, чиновник кирешелер тууралуу декларацияда үй-бүлө мүчөлөрүнүн мүлктөрү жөнүндөгү маалыматы көрсөткөн эмес.
Коргоо министринин мурдагы орун басары Нуркалый Жумабаев кирешелер тууралуу декларацияда үй-бүлө мүчөлөрүнүн мүлктөрү жөнүндөгү маалыматты көрсөткөн эмес — бул ага каршы кылмыш ишинин козголушуна себеп болду, деп билдиришти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынан.
Атайын кызматтагылардын маалыматтарына ылайык, коргоо мекемесинин мурдагы чиновнигинин үй-бүлөсү беш автоунаага, жашоодон башка максаттар үчүн колдонулуучу өзүнчө эки имаратка, эки батирге, эки турак үйгө жана коттеджи менен бир жер тилкесине ээ.
Жумабаевдин 2014-жыл үчүн толтурган декларациясына ылайык, анын туугандарында «Лексус GX 470» үлгүсүндөгү бир гана унаа бар жана 550 миң сомдук жылдык кирешеге ээ.
Чиновникке каршы кылмыш иши 308-1-беренеси менен каралган «мыйзамсыз баюу» боюнча козголду — УКМКнын кызматкерлеринин өзүлөрүнүн айтымдарында, бул берене боюнча кылмыш иштери «анчалык көп» козголбойт.
«Бул берене дээрлик иштебей эле болчу, бирок силер көрүп тургандай иштеп баштады», — деп билдиришти Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын басма сөз кызматынан.
«Прецедент» өнөктөштүк тобунун юристи Эдил Эралиев «мыйзамсыз баюу» беренесин дээрлик «өлгөн берене» деп атады.
«Жеке мен өз практикамда 308-1-берене боюнча кылмыш иши козголгонун кездештире элекмин, ошондуктан ал өлгөн берене. Тааныш жактоочулар да бул берене боюнча иштегенди каалашпайт», — деди Эралиев.
Кыргызстандын Кылмыш кодексинде «мыйзамсыз баюу» «кызматтык адамдын мыйзамдуу кирешелеринен ашкан жана аны туура негиздеп бере албаган активдеринин кыйла көбөйүшү» катары көрсөтүлгөн.
Бул берене боюнча үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасы каралган.
Эгер ушул мыйзам бузуу өзгөчө ири өлчөмдө жана «жооптуу кызматтагы» кызматтык адам тарабынан жасалса, анда ал мүлкүн мамлекеттин пайдасына алуу менен алты жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы менен жазаланышы мүмкүн.
Мыйзамсыз баюу
«Мыйзамсыз баюу» тууралуу 308-1-берене Кыргызстандын Кылмыш кодексине 2012-жылы, өлкө БУУнун коррупцияга каршы конвенциясына кошулгандан кийин киргизилген.
Ал конвенциянын 20-беренесинде ага кошулган бардык өлкөлөрдүн мыйзамдарынын негизинде мыйзамсыз баюу үчүн жаза каралган.
«Мыйзамсыз баюу тууралуу» беренени киргизүүнүн талкууланышы 2014-жылдын сентябрынан тарта орус интернетинде популярдуу темага айланган.
Оппозициялык саясатчы жана блоггер Алексей Навальный коомдук демилгелердин сайтында Орусиянын Кылмыш кодексине аталган берененин киргизилиши үчүн кол топтоо өнөктүгүн баштаган.
Орусия БУУнун коррупцияга каршы конвенциясын 2003-жылы эле ратификациялаган, бирок ратификация тууралуу мыйзамга 20-берене киргизилген эмес.
Жыйынтыгында Навальныйдын демилгеси 100 миң кишинин колун топтогон.
Бирок Мамдуманын бир нече депутаты 2010-жылы эле ал беренени киргизүү боюнча мыйзам долбоорун демилгелегендигине карабастан, Орусиянын бийлиги өлкөдө коррупцияга каршы күрөшүү үчүн андай берененин кереги жок экенин билдирип келет.
Жумабаевдин кызматтан кетиши
Нуркалый Жумабаев коргоо министринин орун басары кызматынан 5-октябрда кетирилген. Буга УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы 16-сентябрда ага каршы биринчи кылмыш ишинин козгогондугу себеп болгон. Анда аны «кызмат абалын кыянат пайдалануу» жана «кызматтык жасалмалуулук» беренелери боюнча айыпташкан.
Атайын кызматтагылар Жумабаевди 12-сентябрда кармашкан — алардын версиясы боюнча, ал Коргоо министрлигинин имаратынан чыгып бара жатып бутун кокустатып алып, аны кызматтык жарат деп мыйзамсыз түрдө камсыздандыруу каражатын алып турган.
Аталган каражаттын төлөнүп берилишине полковниктин бутундагы жаратты «кызматтык милдетин аткаруу маалында алган жарат» деп тапкан мекеме ичиндеги иликтөөнүн жыйынтыгы негиз болгон.
«Кызматтык милдеттерин аткаруу маалында алган жарат делинген жараты боюнча полковник «К.Жга» мыйзамсыз камсыздандыруу каражатын төлөп берүүгө негиз болгон жасалма документтер даярдалгандыгы аныкталды», — деп билдиришти УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынан.
Коргоо министрлигиндеги кылмыш иштер
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев УКМК тарабынан коргоо министри Абибилла Кудайбердиев коррупцияга айыпталгандан кийин дароо эле аны кызматынан бошоткон.
УКМКдан Кудайбердиев 2014-жылдын августунда өз буйругу менен «Аскер Курулуш» мамлекеттик ишканасына 2 жылдык мөөнөткө «мыйзамсыз» 12 млн. сом бөлүп бергендигин билдиришкен.
«Бөлүнгөн ал акча каражаты бюджеттин долбоорун түзүүдө жана республикалык бюджеттин бекитилишинде туура эмес маалыматтарды берүү менен эсептен жашырылып, Коргоо министрлиги менен «Аскер-Курулуш» мамлекеттик ишканасынын белгилүү бир кызматтык адамдарынын жеке баюусу максатында пайдаланылган», — деп билдиришкен УКМКдан.
УКМКнын маалыматы боюнча, 12 млн. сом бир нече компаниялар ортосунда бөлүштүрүлгөн — 2 млн. сом «Ояма» ЖЧКсына, 3 млн. сом — «Айти Булак» жана 7 млн. сом «ЖКХ Комунальщик сервис» компаниясына бөлүнгөн.
«[Акча бөлүнгөн компаниялардын] директорлору «Аскер Курулушта» айдоочу, сантехник жана цехтин адиси болуп иштешкен», — деп жазылган Улуттук коопсуздук кызматынын пресс-релизинде.
Мекемеден 2014-жылдын августуна карата аталган үч компания мамлекеттик ишканага 58 млн. сом карыз болгондуктарын белгилеген.
Коргоо мекемесинин чиновниктери Кылмыш кодексинин «кызмат абалын кыянат пайдалануу», «кызматтык жасалмалуулук» жана «ишенип берилген мүлктү коротуу же өзүнө алып алуу» беренелери боюнча айыпталып жатышат.