№ 50 тергөө абагынан качып кеткен тогуз кылмышкердин жетөөсү 2014-жылдын күзүндө курулуп, бирок каражаттын жетишсиздигинен улам дагы деле пайдаланууга бериле элек өмүр бою эркинен ажыратылган кылмышкерлер кармалчу түзөтүү абагында жазаларын өтөөлөрү керек болчу.

Кыргызстанда өлүм жазасы расмий түрдө 2007-жылы жоюлуп, ал өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы менен алмаштырылган.

Мыйзам боюнча өмүр бою эркинен ажыратылгандар бир гана кишиге ылайыкташтырылган камераларда жалгыз болуулары керек. Бул анын жалпы режимдеги камактагылар менен карым-катнашка бара албашы үчүн зарыл.

Өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлер үчүн №19 түзөтүү абагы өткөн жылы курулуп баштаган. Ал Чүй облусунун «Манас» аба майданынан алыс эмес жерде жайгашкан Жаңы-Жер айылында.

Анда Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын башчысынын орун басары Нурлан Орозалиев имарат өлкө боюнча үч жүздөн ашык адамды түзгөн өмүр бою эркинен ажыратылгандарды кармоо үчүн гана пайдалагыла тургандыгын билдирген.

«Мындагы камералар кармоо режими менен айырмаланат. Тергөө абактары бул таптакыр башка жайлар, ошондуктан мындагы режим да өзгөчө. Өмүр бою эркинен ажыратылган адам үчүн жылына бир узак жана эки кыска жолугушуу жана туугандарынан жылына үч жолу бир нерсе киргизүү мүмкүнчүлүктөр каралган», — деген ал.

Абактан качкан коркунучтуу кылмышкерлер дал ушундай атайын жайларда кармалуулары керек болчу.

Абактан качуу

11-октябрдан 12-октябрга караган түнү 9 кылмышкер түзөтүү абагынан качып кеткен. Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматынан качуу маалында кылмышкерлер абактын үч кызматкерин өлтүрүп, дагы бирөөсүн оор жарадар кылгандыктарын билдиришкен.

Алардын бешөөсүн болжол менен саат 01:00дө кармоого мүмкүн болгон. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматкери Эрнис Осмонбаевдин айтымында, Жол кайгуул кызматынын инспекторлору Жазаларды аткаруу кызматы тарабынан билдирилген автоунаага окшош «унааны байкашкан».

«ЖКК кызматкерлери кылмышкерлер качты деп билдирилген унаага окшош машинаны байкашкан. Алардын автоунааны токтотуу талабына [качкандар] көңүл бурушкан эмес. Буга байланыштуу алардын артынан кууп барышкан», — деп билдирген Осмонбаев.

Анын айтымында, качкан кылмышкерлер ЖКК кызматкерлери ок чыгарып баштагандан кийин гана унааны токтотушкан.

Учурда Абрахманов, Кадыралиев жана дагы эки кылмышкер эркиндикте жүрүшөт. Милиция «Сирена» колго түшүрүү планын жарыялаган.

Кызматтык териштирүү

12-октябрда премьер-министр Темир Сариев күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда өткөргөн чукул жыйында Жаза аткаруу кызматынын башчысы Алик Мамыралиевден баштап кылмышкерлердин качып кетүүсүнө жол берген күзөтчүлөргө чейин «жоопкерчиликтерин карап чыгууну» тапшырды.

«Кылмышкерлердин качып кетүүсү фактысы боюнча кылмыш иши козголду, комиссия түзүлүп, кызматтык териштирүү иштери жүрүүдө, кылмышкерлерди колго түшүрүү боюнча бардык тиешелүү чаралар көрүлүүдө», — деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

Сариев ошондой эле күч түзүмдөрүнө борбордогу стратегиялык объектилерди «өзгөчө көзмөлгө алуу» тапшырмасын берди. Бирок кайсыл объектилер экени такталып билдирилбей эле. 12-октябрь күнү эртең менен борбордогу №1 тергөө абагынын алдынан өткөн Kloop.kgнин кабарчысы мекеменин кире беришинде атайын даярдыктагы аскер бөлүктөрүнөн турган курчоо болгонун билдирген.