Боршайком Ош облусундагы беш, Чүй облусундагы эки жана Бишкек шаарындагы бир шайлоо тилкесиндеги добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп тапты. Парламенттик шайлоонун жыйынтыктарынын өзүн комиссия жакынкы күндөрү жарыялайт.
Сегиз шайлоо тилкесиндеги добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп табуу чечими Боршайкомдун 14-октябрдагы жыйынында кабыл алынды. Ага Ош облусундагы беш, Чүй облусундагы эки жана Бишкек шаарындагы бир тилкедеги «одоно мыйзам бузуулар» себеп болгон.
Билим берүү жана шайлоо технологиялар борборунун директору Мырзабек Аргымбаев Ош облусунун беш тилкесиндеги мыйзам бузууларды «одоно» деп атады. Анын пикиринде, мындай учурларды «көз жаздымда калтырууга болбойт».
Анын айтымында, аталган тилкелерде биометрикалык идентификациядан өткөндөн көп адам добуш берген.
«Добуш берген шайлоочулардын жарымынан көбү идентификациядан өткөн эмес. Бул көз көрүнө бурмалоо», — деди Аргымбаев.
Ал Чүй облусундагы эки тилкеде добуш берүү аяктагандан кийин урнага бюллетендер салынгандыгын билдирди — тилкелердин биринде урна бюллетендерди таңкы саат алтыга чейин кабыл алган. Аргымбаевдин айтымында, мыйзам бузуулар боюнча материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлдү.
8 тилкедеги жыйынтыктар жараксыз деп табылгандан кийин алдыдагы партиялардын жоготкон добуштары:
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өткөн. Добуштарды электрондук эсептөөлөрдүн болжолдуу жыйынтыктары боюнча, парламентке 6 партия өттү: КСДП, «Республика — Ата-Журт», «Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Бир Бол» жана «Ата Мекен».
БШКнын маалыматы боюнча, бул партиялар өлкө боюнча коюлган 7 пайыздык жана аймактык 0,7 пайыздык чектен ашышкан. Бирок мыйзамга ылайык, шайлоонун акыркы жыйынтыктары добуштар колго эсептелип чыккандан кийин чыгарылат.
Автор: Сайкал Токтогулова