Боршайком парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыктарын угузду. Аларга ылайык, парламентке КСДП, «Республика — Ата-Журт», «Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Бир Бол» жана «Ата Мекен» партиялары өттү.

БШКнын жыйынтыктоочу жыйыны 15-октябрда өттү. Анда комиссия төрагасы Туйгунаалы Абдраимов Кыргызстанда 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыктарын угузду.

Жеңишке жеткен партияларды саны добуштарды электрондук эсептөөдөн кийин жарыяланган болжолдуу жыйыныктардагыдан айырмаланбайт — алар алтоо: КСДП, «Республика — Ата-Журт», «Кыргызстан», «Өнүгүү — Прогресс», «Бир Бол» жана «Ата Мекен».

Абдраимов шайлоочулардын добуштарынын партиялар арасында бөлүштүрүлүшүнөн сырткары алардын парламенттин VI чакырылышында алган мандаттарынын санын да билдирди.

Партиялар ортосундагы мандаттар менен добуштар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлгөн:

  1. КСДП — 432 миң 846 добуш (27,56 пайыз) — парламенттин VI чакырылышында 38 мандат
  2. «Республика — Ата-Журт» — 318 миң 266 добуш (20,26 пайыз) — 28 мандат
  3. «Кыргызстан» — 206 миң 268 добуш (13,07 пайыз) — 18 мандат
  4. «Өнүгүү—Прогресс» — 147 миң 515 добуш (9,39 пайыз) — 13 мандат
  5. «Бир Бол» 134 миң 909 добуш (8,59 пайыз) — 12 мандат
  6. «Ата Мекен» — 122 миң 500 добуш (7,08 пайыз) — 11 мандат.

Колго эсептелип чыккандан кийин партияларга берилген добуштардын саны анчалык деле өзгөргөн эмес — Боршайком кээ бир тилкелердеги добуштарды кошуп жана мыйзам бузулгандыгы аныкталып жыйынтыктары жараксыз деп табылган тилкелердеги добуштарды кемиткет.

КСДП, «Республика — Ата-Журт», «Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс» жана «Бир Бол» партиялары болжол менен 0,001 пайыз алышса, «Ата Мекен» тескерисинче, 0,6 пайыздан көбүрөөк добуш жоготкон.

«Ата Мекен» партиясы дагы бир нече добушун жоготкондо өлкө боюнча белгиленген 7 пайыздык чектен аша албай, парламентке өтпөй калмак.

БШК жыйынынан толук видеокөчүрмө:

Кыргызстанда парламенттин VI чакырылышынын депутаттарын шайлоо 4-октябрда өткөн — бул 2010-жылдын апрелиндеги бийлик ашуудан кийинки өлкөнүн башкы мыйзам чыгаруу органына болгон экинчи шайлоо болду.

Шайлоого 14 партия катышып, алардын ар бири депутаттыкка талапкер болгон 100дөн ашык кишиден турган тизмелерин каттоодон өткөрүшкөн.

Талапкерлерди каттоо чатаксыз өткөн жок — 3-сентябрда Ички иштер министрлиги милиция депутаттыкка талапкерлердин арасынан кылмыш жоопкерчилигине тартылган 234 кишини тапкандыгын билдирген. Жыйынтыгында алар БШК тарабынан партиялардын талапкерлер тизмесине киргизген эмес.

2015-жылдагы парламенттик шайлоо Кыргызстандын тарыхында добуш берүүдө жаңы техникалар пайдаланылган алгачкы шайлоо болду. Анда автоматташтырылган урналар менен биометрикалык маалыматтарды идентификациялоочу жабдуулар пайдаланылды.

Жазында президент Алмазбек Атамбаев «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө кол койгон. Ал өзгөртүүлөргө ылайык, биометрикалык маалыматтарын тапшырбаган жарандар шайлоо процессине катыша алышпайт.

Жарандардын биометрикалык маалыматтарын топтоо боюнча өнөктүк 2014-жылдын сентябрында башталган, анда анын демилгечиси катары биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашев чыккан.