Жогорку Кеңештин V чакырылышы өзүнүн акыркы жыйынын 15-октябрда өткөрдү. Ушул күндөн тарта парламенттин сиссиясы жабылганы менен азыркы депутаттардын мандаттары жаңы чакырылыштын парламентарийлери ант бергенге чейин сакталып турат.

Парламенттин V чакырылышынын ишинин расмий жабылышы 15-октябрда Жогорку Кеңештин имаратында болду. Жыйынга депутаттардын өзүлөрүнөн сырткары Кыргызстандын премьер-министри Темир Сариев жана Алмазбек Атамбаевдин депутаттарга кайрылуусун окуп берген президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов дагы катышты.

Өз кайрылуусунда Атамбаев 4-октябрда «Кыргызстандын жана Борбордук Азиянын тарыхында биринчи жолу» «таза жана ачык-айкын парламенттик шайлоо» өткөнүн белгилеген.

«Жогорку Кеңеште көптөгөн талаш-тартыштар болду. Кээде шашылыш, бышыкталбаган, негизделбеген чечимдер кабыл алынды. Бирок жалпысынан  парламент өзүнүн тарыхый миссиясын аткарды», — деп билдирген президент өз кайрылуусунда.

Премьер-министр Темир Сариев депутаттардын алдында сүйлөп жатып парламенттин V чакырылышы «жакшы» иштеди деген пикирин билдирди.

«[…]  Эмне гана курч, талылуу маселе болбосун, талаш-тартыштар парламенттин ичинде болуп, Жогорку Кеңеш чыныгы демократиялык талкуулардын ордосуна айланды. Ошентип, көчө митингдеринин күнү бүтүп, саясый күрөш цивилизациялуу форматка өттү», — деп жазды K-News Сариевдин айткандарын.

Парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков парламент өз ишин аяктаганы менен депутаттардын ыйгарым укуктары жаңы парламентарийлер ант бергенге чейин сакталып каларын белгиледи.

Парламенттин VI чакырылышынын депутаттарын шайлоо Кыргызстанда 4-октябрда өткөн.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өткөн. Добуштарды электрондук эсептөөлөрдүн болжолдуу жыйынтыктары боюнча, парламентке 6 партия өттү: КСДП, «Республика — Ата-Журт», «Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Бир Бол» жана «Ата Мекен».

БШКнын маалыматы боюнча, бул партиялар өлкө боюнча коюлган 7 пайыздык жана аймактык 0,7 пайыздык чектен ашышкан. Бирок мыйзамга ылайык, шайлоонун акыркы жыйынтыктары добуштар колго эсептелип чыккандан кийин чыгарылат.

Тема боюнча:

Депутаттар пленардык жыйындар өтчү күндөр үчүн 3,75 млн. сомдон ашык акча алышат

Коомчулуктун басымынан кийин парламент креслолорду алмаштыруудан баш тартты

БШК сегиз тилкедеги добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгарды

БШК Орусиянын жаранын депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгарды.