Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет №50 тергөө абагынан качып кеткен кылмышкерлер тууралуу маалымат бергендерге 300 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык ыйгарыларын билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мындай билдирүүсү 15-октябрда таратылды. Анда атайын кызмат Чүй облусунун Төмөнкү Нооруз айылындагы №50 тергөө абагынан качып кеткен төрт кылмышкер тууралуу маалымат үчүн акчалай сыйлык бере тургандыгы жазылган.

«Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет изделип жаткан коркунучтуу кылмышкерлердин жашырынган жери тууралуу маалымат үчүн 300 000 сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык жарыялады», — деп жазылган УКМКнын билдирүүсүндө.

Кылмышкерлердин жашырынган жери тууралуу маалымат билгендер +996 312 626504 же +996 312 660475 номурлары аркылуу билдирсе болот.

Атайын кызматтын билдирүүсү боюнча, сыйлык «абактан качкандардын өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлер экендиги жана алардын террористтик ишмердүүлүккө тиешелери бардыгынан» улам жарыяланды.

«Кабар» маалымат агенттиги билдиргендей, учурда төмөнкү кылмышкерлер эркиндикте жүрүшөт:

Итибаев Алтынбек Абдиметалиевич, 1977-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну. Улуту кырыгыз, мурда соттолгон. Өзгөчө белгилери: Көзү каралжын, чачы кара, спорттук дене түзүлүштө, бою 170-175 см. Кыргызстанда 2012-жылдан бери тыюу салынган “Жайшул-Махди” партиясынын мүчөсү.

50-1

Абдырахманов Эдил Алимжанович, 1987-жылы туулган. Чүй облусунун Көк-Жар айылынын тургуну. Улуту кыргыз. Мурда соттолбогон. Өзгөчө белгилери: бою 170-175 см. Арыкчырай, көздөрү каралжын, чачы кара. Бир көзү жок. Салттуу эмес исламдын активдүү колдоочусу жана таркатуучусу, тыюу салынган “Жайшул-Махди” партиясынын мүчөсү.

50-2

Мүзүралиев Азамат Мамсетиович, 1987-жылы туулган. Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын тургуну. Улуту кыргыз. Мурда соттолбогон. Өзгөчө белгилери: Бою 170-175 см. Көздөрү каралжын, чачы кара. Салттык эмес исламдын колдоочусу, таркатуучусу, тыюу салынган “Жайшул-Махди” партиясынын мүчөсү.

50-3

Кадыралиев Данияр Кылычбекович, 1976-жылы туулган. Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш айылынын тургуну. Улуту кыргыз. Мурда соттолбогон. Өзгөчө белгилери: бою 170-175 см. Көздөрү кара, чачы кара. Салттык эмес исламдын активдүү колдоочусу жана таркатуучусу, тыюу салынган “Жайшул-Махди” партиясынын мүчөсү.

50-4

Абактан качуу

11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү Ноорух айылындагы №50 тергөө абашынан 9 кылмышкер качып кеткен. Качуу маалында алар абактын үч кызматкерин өлтүрүп, дагы бирөөсүн оор жарадар кылышкан.

Кылмышкерлердин бешөөсүн ошол эле түнү колго түшүрүүгө мүмкүн болгон, а калган төртөөсү дагы деле эркиндикте калышууда.

Кийинчерээк Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын өкүлдөрү кылмышкерлер качкан маалда тергөө абагында электр жарыгы болбогондугун билдиришкен — болжолдуу маалыматтар боюнча, кылмышкерлер электр энергиясын өзүлөрү өчүрүшкөн.

12-октябрда премьер-министр Темир Сариев күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда өткөргөн чукул жыйында Жаза аткаруу кызматынын башчысы Алик Мамыралиевден баштап кылмышкерлердин качып кетүүсүнө жол берген күзөтчүлөргө чейин «жоопкерчиликтерин карап чыгууну» тапшырган.

«Кылмышкерлердин качып кетүүсү фактысы боюнча кылмыш иши козголду, комиссия түзүлүп, кызматтык териштирүү иштери жүрүүдө, кылмышкерлерди колго түшүрүү боюнча бардык тиешелүү чаралар көрүлүүдө», — деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.