Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Чолпон-Ата шаарынын мурдагы мэри Мирлан Маратов 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоо күнү «телефон терроризми» менен алектенгендигин билдирди. Атайын кызматтын версиясы боюнча, ал мас абалында беш шайлоо тилкесинде бомба бардыгы тууралуу милицияга жалган маалыматтарды билдирген.
УКМК «телефон террористин» 15-октябрда кармаган — ыкчам тергөө иш-чараларынан кийин кызмат ал 2010-жылдан 2013-жылга чейин Чолпон-Атанын мэри болуп иштеген Мирлан Маратов экендигин аныктаган.
«Маратовдун жанынан буюм далилдери табылган, алсак, телефон жана чалуу болгон СИМ-картанын сырты», — деп билдиришти УКМКдан.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Маратов мас абалында болуп жалган маалыматтарды тараптып телефон чалган.
4-октябрда, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнү милицияга белгисиз адам телефон чалган. Ал шайлоо тилкелери жайгашкан Бишкектин беш мектебинде бомба бар экендигин айткан. Бул тууралуу журналисттерге Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.