Бишкектеги ишканалар менен турак үйлөргө жылуулук 20-октябрдан тарта бериле баштайт. Бул тууралуу «Бишкекжылуулуктармагы» ААКсынан билдиришти. Мекеменин маалыматы боюнча, жылуулук алгач билим берүү, медициналык жана социалдык мекемелерде пайда болуп, андан кийин турак үйлөргө бериле баштайт.
Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов 19-октябрда жылуулук берүү сезонунун башталышы тууралуу буйрукка кол койду, деп билдиришти «Бишкекжылуулуктармагынан» (БЖТ).
БЖТнын билдирүүсү боюнча, алгач жылуулук бала бакчаларга, мектептерге, ооруканаларга, төрөт үйлөрүнө жана социалдык колдоо мекемелерине берилет. Андан соң жылуулук Бишкектеги турак үйлөрдө да пайда боло баштайт.
«Азырынча турак үйлөргө жылуулуктун качан бериле башталары тууралуу так бир убакытты айта албайбыз», — деп билдиришти «Бишкекжылуулуктармагынын» басма сөз кызматынан Kloop.kgнин кабарчысына.
Акыркы болуп жылуулук кызмат үчүн «Бишкекжылуулуктармагына» карызы жок мекемелер менен ишканаларга берилет. А калган компанияларга алардын карыздарын төлөөсүнө жараша бериле баштайт.
Жергиликтүү бийликтин стандарттуу жол-жобосуна ылайык, жылуулук шаарда абанын температурасы үч күн катары менен 8 градустан жогорулабаганда бериле баштайт.
Би-би-синин метеорологиялык кызматынын божомолуна ылайык, ушул аптанын аягына карата Бишкекте абанын температурасы 12 градустан 4 градуска чейин төмөндөйт.