Ички иштер министрлиги абактан качкан кылмышкерлердин эркиндикте жүргөн үчөөсү жөнүндөгү маалымат үчүн бир миллион сом берүүнү убадалады.

ИИМдин басма сөз кызматы мекеме абактан качкан үч кылмышкер тууралуу маалымат үчүн 1 млн. сом бере тургандыгын билдирди. Акчалай сыйлык «түрмөдөн качкан кылмышкерлердин өзгөчө коркунучтуулугунан» улам ички иштер министри Мелис Турганбаев тарабынан жарыяланды.

ИИМден учурда абактан качкан кылмышкерлерди Бишкектин түндүк жана түштүк бөлүктөрүндө издеп жаткандыктарын билдирди. Милиция кызматкерлери өзгөчө жаңы конуштарга жана Чүй облусунун Аламүдүн районундагы айылдарга көңүл буруп жатышат.

Укук коргоо органдарынан абактан качкандарды жашырып жаткандар да жазалана тургандыктарын билдиришти.

«Турганбаев өзгөчө коркунучтуу кылмышкерди жашыруу үчүн мыйзам алдында жооп берүүгө туура келерин катуу эскертти. Өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлерди жашырып, аларга жардам берип, көмөктөшүп жаткандар катуу жазаланышат», — деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.

ИИМ — абактан качкандар тууралуу маалымат бергендер үчүн акчалай сыйлык жарыялаган экинчи мамлекеттик орган. Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кылмышкерлердин кайсыл жакта жашырынып жүргөндүктөрү тууралуу маалымат үчүн 300 сом бере тургандыгын убадалаган.

№50 тергөө абагынан качуу

Тогуз кылмышкер Чүй облусунун Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан №50 тергөө абагынан 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү качып кетишкен. Качуу маалында алар абактын үч кызматкерин өлтүрүп, дагы бирөөсүн оор жарадар кылышкан. Ал бир нече күндөн кийин алган жараттарынан улам ооруканада көз жумган.

Абактан качкандардын бешөөсүн Чүй облустук милиция кызматкерлери алыс узатпастан ошол эле түнү колго түшүрүшкөн. Дагы бирөөсү — Данияр Кадыралиев — 16-октябрда «Дордой» конушунда колго түшүрүү маалында өлтүрүлгөн. Милициянын маалыматы боюнча, колго түшүрүү маалында ал бычак пайдалануу менен карышылык көрсөткөн.

Учурда милиция менен атайын кызматтагылар эркиндикте жүргөн үч кылмышкерди издеп жатышат: Алтынбек Итибаев, Эдил Абдрахманов жана Азамат Мүсүралиева. ИИМдин маалыматы боюнча, Азамат Мүсүралиев аны 16-октябрь күнү «Дордой» конушунда колго түшүрүү аракети маалында жарадар болгон.

ИИМ түрмөдөн качкан кылмышкерлер сырткы көрүнүштөрүн өзгөртүп алган болуулары мүмкүндүгүн билдирүүдө — мисалы, сакалдарын алып. Алардын учурда кандай көрүнүштө болушу мүмкүндүгү көрсөтүлгөн сүрөттөрдү милиция өткөн апта аягында жарыялаган болчу.