Парламент депутаты Татьяна Левинанын коомдук жардамчысы 280 грамм маңзат менен кармалды. Баңгизатка каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, ал маңзатын сатып алууда кызматтык унаасын пайдаланган.

19-октябрда Баңгизатын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтан парламент депутаты Татьяна Левинанын жардамчысы 280 грамм маңзат менен кармалгандыгын билдиришти.

Колго түшүрүү маалында депутаттын жардамчысы Василий Адамов «Тойота Камри» үлгүсүндөгү кызматтык автоунаасын айдап жүргөн.

«Ошол эле күнү аталган факты боюнча депутаттын жардамчысы маңзатын сатып алган Ысык-Көл облусунун жашоочусу кармалды», — деп билдиришти мамлекеттик кызматтан.

Адамовдун жанынан табылган маңзаты алынгандан кийин Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун чечими менен ал тергөө абагына камакка алынды.

Левина мүчө болгон парламенттик «Ар-Намыс» фракциясынын лидери Феликс Кулов 24kg агенттигине курган маегинде депутат ооруп жатканын жана өзүнүн кызматтык унаасы менен 7-октябрдан бери пайдалана электигин билдирген.

Бул депутаттардын кызматтык автоунаалары өз максатында пайдаланылбаган алгачкы учур эмес.

Бир нече күн мурда «АКИпресс» маалымат агенттигинин окурманы сайтка KG 0094 мамлекеттик номурлуу депутаттык автоунаанын соода күркөсүнө товар түшүрүп жаткандыгы тартылган видео жайгаштырган.

«Күркө Жогорку Кеңештин депутаттарынын бирин калкалап жатат же анын айдоочусу фракциялардын биринин депутатынын атын жамынууда. Сүрөт менен видеодо KG0094 мамлекеттик номурундагы депутаттык унаанын жумуш маалында товардын кезектеги партиясын түшүрүп, же жүктөп жаткандыгы көрүнүп турат», — деп жазган материалдын автору.