Милиция «Республика — Ата-Журт» партиясынын тизмесинен депутаттыкка талапкердин «мыйзамсыз» чыгарылышы фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Партиянын өзү жооп катары ИИМ менен мурдагы партиялаштарынын бирине каршы доо арыз жазды.

19-октябрда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы «Республика — Ата-Журт» партиясынан депутаттыкка мурдагы талапкер Аида Исмаилованын кайрылуусунун негизинде кылмыш иши козголгонун билдирди.

Исмаилова аны партиянын шайлоо алдындагы тизмесинен өзүнүн макулдугусуз эле чыгарып салгандыктарын билдирүүдө — айтымында, ал «Республика — Ата-Журттан» чыгуу тууралуу арызга кол койгон эмес.

ИИМ Кыргызстандын Кылмыш кодексинин 350-беренеси — «документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды жасоо, сатуу жана колдонуу» боюнча кылмыш ишин 18-октябрда козгогон.

«Исмаилова 15-октябрда партиянын жооптуу кызматкерлери анын макулдугусуз эле кол тамгасын жасап, анын атынан арыз жазышкандыгына ишендирүүдө. Кийин ал арыздын негизинде БШК аны талапкерлер тизмесинен чыгарган», — деп жазды «Вечерний Бишкек» басылмасы ИИМдин басма сөз кызматынын билдирүүсүн.

Өз кезегинде «Республика — Ата Журт» партиясы ИИМге жана Башкы прокуратурага каршы «такталбаган жана жалган маалыматтар» боюнча мыйзамсыз кылмыш ишинин козголушу фактысы боюнча доо арыз жазды.  

«Партия атайылап жалган маалымат таратуу боюнча Аида Исмаилова тарабынан моралдык зыян келтирилгендиги үчүн 10 миллион сом талап кылып, ошондой эле такталбаган жана жалган маалыматтар боюнча мыйзамсыз кылмыш ишинин козголушу фактысы боюнча ИИМ менен Башкы прокуратурага каршы доо арыз жазуу ниетинди», — деп жазды K-News маалымат агенттиги.

«Республика — Ата-Журт» эгер жетиштүү сандагы добуш топтой албай калса партиядан чыга тургандыгын айткан Исмаилованын ант берүүсү тартылган видеону көрсөттү.

Исмаилованын ант берүүсү тартылган видео:

Партиянын басма сөз кызматы Исмаилова шайлоочулардын белгиленген эң аз добушун топтой албагандыгын билдирди.

Күн мурун 18-октябрда Биринчи май райондук соту Боршайкомдун тизмеден чыгаруу тууралуу чечими боюнча депутаттыкка мурдагы сегиз талапкердин кайрылуусун канааттандырган эмес.

Тизмеден чыгарылган талапкерлер

Жалпысынан шайлоонун жыйынтыгы боюнча «Республика — Ата-Журттун» тизмесинен 55 талапкер чыккан — Боршайком аларды өздөрүнүн жеке арыздарынын негизинде тизмеден чыгарган. Партиянын пикири боюнча, ал талапкерлер өз тилкелеринде жетиштүү добуш топтой алышкан эмес.

16-октябрда партиянын тизмесинен чыгарылгандыгына нааразы болгон алты депутаттыкка талапкер Боршайкомдун алдына митингке чыгышкан. Анда алар «Республика — Ата-Журттан» чыгуу тууралуу арыз жазбагандыктарын айтышкан.

«Мен муну жазган эмесмин. Мында менин колум коюлган эмес. Ал жакка [парламентке] чип менен киришет, ал катталат. Кечээ анда мен таптакыр болгон эмесмин. Бул ачык эле бурмалоо. Мен сыяктуулардан 10го жакын адам. Мен муну териштирем», — деп билдирген митингде талапкер Кантемир Мурзабеков.

«Республика — Ата-Журт» партиясынын теңтөрагасы Өмүрбек Бабанов «Фэйсбуктагы» жеке баракчасына талапкерлер тизмесинен чыгарылгандардын нааразы болуп жатышына «таң калып жатканын» жазды.

«Алар кечээ эле бардык ачык шарттарды кабыл алышып, ант беришкен. Ал талапкерлер эгер мандатка жетиштүү колдоо таппай калышса, тизмеден өз эрктери менен чыга тургандыктарын айтып оозеки жана жазуу жүзүндө ант беришкен. Ал анттар тууралуу биз дайыма, ЖМКлар аркылуу да, шайлоочулар менен болгон жолугушууларда да айтып келгенбиз», — деп жазды ал.

«Республика — Ата-Журт» — шайлоонун жыйынтыгы менен парламентке өткөн партиялардын бири. Ал 120 орудуу парламенттен 28 мандат алат. Шайлоонун өзү 4-октябрда өткөн. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча, өлкөнүн башкы мыйзам чыгаруу органына алты партия өткөн.

Автор: Сайкал Токтогулова