Республикалык олимпиадалык резервдер мектебинин иши 9-октябрга чейин токтотулуп, жетекчилиги жумуштан алынды. Бул мектептин жаш спортчулары тарабынан коңшу мектептин балдары сабалып, айнектери талкалангандан кийин болууда.

Билим берүү министрлиги Олимпиадалык резерв мектебинин билим берүү ишин 9-ноябрга чейин «жалпы текшерүүгө» алат. Буга аталган окуу жайдын студенттеринин коңшу жайгашкан №38 мектептин окуучуларын сабап, бир нече айнегин талкалагандыгы себеп болду.

Өз кезегинде бул окуядан улам Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик Республикалык олимпиадалык резервдер мектебинин жетекчилигин жумуштан алды.

Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, укук коргоо органдары тарабынан мектепке кол салуу фактысы боюнча кылмыш ишин козголуп, окуянын катышуучулары кармалышты.

«Маселе ошондой эле балдарга ырайымсыз мамиле кылуу боюнча дайым иштеген мекемелер аралык комиссияны жетектеген вице-премьер Дамира Ниязалиеванын деңгээлинде да каралат», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

№38 мектепке кол салуу 20-октябрь күнү эртең менен болгон — Республикалык олимпиадалык резервдер мектебинин 50гө жакын студенти колдоруна таяктарды, арматураларды жана таштарды алып мектептин аймагына кирип келишип, бир нече окуучуна сабап жана терезе айнектерин талкалашкан.

Бишкек ШИИБсинин басма сөз катчысы Айгүл Давлетбаева Kloop.kgге милицияга чакыруу эртең мененки саат 7:50дө келип түшкөнүн билдирди — милиция кызматкерлери №38 мектепке барышып, Олимпиадалык резерв мектебинин студенттери беш терезе айнектерин талкалап, бир нече окуучуну сабагандыктарын көрүшкөн.

Учурда кол салуудан жабыркагандардын саны такталууда — болжолдуу маалыматтар боюнча, анда алты окуучу жаракат алган.

«Азыр бул ишти Свердлов РИИБси карап жатат. Кылмыш иши азырынча козголо элек. Иштин чоо-жайы такталууда. Кол салгандардын так саны да азырынча белгисиз», — деп билдирген Давлетбаева.

Анын айтымында, милиция Олимпиадалык резерв мектебинин студенттерин суракка алып, учурда алардын кол салууга канчалык деңгээлде күнөөлүү экендиктери такталып жатат.

«Катуу чаралар»

Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, окуянын себептерин иликтеп чыгуу үчүн башында вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева турган мекемелер аралык комиссия түзүлдү.

«[…] мекемелер аралык комиссия он күндүк мөөнөт ичинде келечекте мындай окуялардын кайрадан кайталанбашы үчүн билим берүү жаатындагы тарбиялык иштерди күчөтүү жана бул жааттагы системалык иштерди карап чыгуу, окуяга себеп болгон жагдайларды жана шарттарды жок кылуу боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыгышы зарыл», — деп жазылган басма сөз кызматтын билдирүүсүндө.

Премьер-министр Темир Сариев бул окуя боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүп, Республикалык олимпиадалык резервдер окуу жайдагы кадрдык саясат кайрадан карап чыгуу зарылдыгын белгиледи.

«Өкмөт башчысы Темир Сариев аталган окуяга окуучулары катышкан Республикалык олимпиадалык резервдер окуу жайдын жетекчилиги жана тренерлеринин жоопкерчилигин кароо тапшырмасын берди. Ал эми окуучулардын ден соолугуна жана мектептин мүлкүнө зыян келтиргендер жана күнөөлүүлөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартуу керектигин айтты», — деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

Сүрөттө билим берүү министри Эльвира Сариева Республикалык олимпиадалык резервдер мектебинин студенттеринин ата-энелери менен болгон жолугушууда.