Милиция кызматкерлери абактан качып кеткендердин бирөөсү — Азамат Мүсүралиевди атып өлтүрүштү. Ал Чүй облусунун Сокулук районундагы айылдардын биринде жашырынып жүргөн. Учурда эркиндикте абактан качкандардын дагы экөөсү калууда.

28 жаштагы Мүсүралиев — №50 тергөө абагынан качып кеткен 9 кылмышкердин бирөөсү — ыкчам топтун кызматкерлери тарабынан бүгүн 20-октябрда атылып өлтүрүлдү.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, ал Чүй облусунун Сокулук районундагы айылдардын биринде жашырынып жүргөн. Азырынча атайын операциянын калган деталдары кабарланбай эле.

«Ыкчам маалыматтар боюнча, бир жарым саат мурда Сокулук айылынын түндүк бөлүгүндө укук коргоо органдары тарабынан Мүсүралиев атылып өлтүрүлгөн», — деп билдирди Kloop.kgге курган маегинде ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов.

«АКИпресс» маалымат агенттиги ИИМге шилтеме жасоо менен Мүсүралиев айылдардын бириндеги кой короодо жашырынып жүргөндүгүн жана каршылык көрсөтүү аракетинен кийин атылып өлтүрүлгөндүгүн жазды.

Буга чейин ИИМ абактан качкан кылмышкерлердин жашырынып жүргөн жери тууралуу маалымат бергендерге 1 млн. сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык убадалаган — бирок ИИМдин басма сөз катчысынын айтымында, Мүсүралиевдин жашырынып жүргөн жери тууралуу маалымат милициянын жеке булактарынан алынган.

Абактан качуу

11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан №50 тергөө абагынан тогуз кылмышкер качып кеткен болчу. Качуу маалында алар абактын үч кызматкерин өлтүрүп, дагы бирөөсүн оор жарадар кылышкан, ал алган жараттарынан улам кийин ооруканада көз жумган.

Беш кылмышкерди алыс узатпастан ошол эле түнү колго түшүрүүгө мүмкүн болгон. Дагы бирөөсү — Данияр Кадыралиев —  өткөн апта соңунда «Дордой» базарынын айланасындагы атайын операция маалында атылып өлтүрүлгөн. Милициянын маалыматы боюнча, ал бычак колдонуу менен каршылык көрсөткөн. 

Учурда милиция менен атайын кызмат өкүлдөрү эркиндикте калган эки кылмышкерди издеп жатышат: Алтынбек Итибаев менен Эдил Абдрахмановду. ИИМ түрмөдөн качкан кылмышкерлер сырткы көрүнүштөрүн өзгөртүп алган болуулары мүмкүндүгүн билдирүүдө — мисалы, сакалдарын алып. Алардын учурда кандай көрүнүштө болушу мүмкүндүгү көрсөтүлгөн сүрөттөрдү милиция өткөн апта аягында жарыялаган болчу.