12-октябрга караган түнү №50 абактан качып, ошол эле түнү кармалган кылмышкерлердин бирөөсү Таалайбек Жуманов Бишкектеги №1 тергөө абагында каза болду. Болжолдуу маалыматтар боюнча, анын өлүмүнүн себеби — «жүрөк кемтиги» оорусу.
Жуманов Бишкектеги №1 тергөө абагында 20-октябрь күнү эртең менен каза болгон, бул тууралуу Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Болжолдуу маалыматтар боюнча, анын өлүмүнө «өткүр жүрөк кемтиги» оорусу себеп болгон, бирок аны учурда тергөө абагында иш жүргүзүп жаткан тергөө тобу так аныктайт.
Жуманов 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү Нооруз айылындагы №50 тергөө абагынан качып кеткен тогуз кылмышкердин бирөөсү болгон. Качуу маалында алар абактын үч кызматкерин өлтүрүшүп, дагы бирөөсүн оор жарадар кылышкан. Кийинчерээк ал алган жараттарынан улам ооруканада көз жумган.
Каза болгон Жуманов адам өлтүрүү беренеси боюнча соттолуп жазасын өтөп жаткан. ИИМдин маалыматы боюнча, ал 2012-жылы досу Уланбек Айтматов менен урушуп кетип, аны өлтүрүп денесин жиликтеп салган.
Чүй облусунун милиция кызматкерлери Жумановду жана аны менен бирге качкан дагы төрт кылмышкерди 12-октябрь түнү алыс узатпастан эле колго түшүрүшкөн.
Учурда абактан качкандардын экөөсү эркиндикте калууда: Алтынбек Итибаев менен Эдил Абдрахманов. Калган экөө — Данияр Кадыралиев менен Азамат Мүсүралиев «каршылык көрсөтүү аракети» үчүн милиция кызматкерлери тарабынан атылып өлтүрүлүшкөн.
Кадыралиев «Дордой» конушунда 16-октябрда өлтүрүлгөн — анда ИИМ колго түшүрүү маалында анын колунда бычак болгон жана ал каршылык көрсөткөн деп билдирген.
Мүсүралиевди милиция кызматкерлери 20-октябрда ушуга окшош эле шартта Чүй облусунун Сокулук районундагы айылдардын биринде атып жок кылышкан. ИИМден ал мал сарайда жашырынып жүргөндүгүн жана милицияга каршылык көрсөтүү аракетин көргөндөн кийин атылганын билдиришкен.