Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы абактан качкандардын бирөөсү — Азамат Мүсүралиевдин жашырынган жери тууралуу кабарлаган делинген малчыга 1 млн. сом берилгендиги тууралуу маалыматты ырастаган жок.

ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов kloop.kgге курган маегинде чабандын акчалай сыйлык алгандыгы тууралуу маалымат «анык эмес экенин» билдирди.

Анын айтымында, абактан качкан эки кылмышкердин болжолдуу жашырынып жүргөн жери тууралуу 2015-жылдын 19-октябрында билдиришкен. Эртең менен укук коргоо органдарынын кызматкерлери алардын бирөөсүн таап, колго түшүрүү маалында атып өлтүрүшкөн.

«Кечээ кечинде бизге бир нече булактан Чүй облусундагы Чоң Чүй каналын бойлой батышты көздөй бара жаткан эки белгисиз адам тууралуу маалымат келип түшкөн. Эртең менен биз ал аймакта издөө иштерин жүргүздүк», — деп белгиледи басма сөз катчы.

Бирок Сейитов абактан качкандар тууралуу маалымат менен милицияга бир нече киши кайрылганын жана азырынча акчалай сыйлык ыйгаруу тууралуу маселе чечилиип жатканын билдирди.

«Ооба, маалымат келип түшкөн, биз аны четке какпай элебиз, бирок ал чабан эмес, анда башка адамдар да бар, бир нече маалымат болгон. Бүгүнкү күндө коркунуч бар болгондуктан биз ал маалымат берген адамдарын аты-жөндөрүн айткыбыз келбей эле. Качан калгандарын кармап же жок кылгандан кийин айтабыз», — деп билдирди Сейитов.

Буга чейин «К-Ньюз» жана «Заноза» маалыматтык порталдары укук коргоо органдарындагы булактарына шилтеме жасоо менен 19-октябрда белгисиз адам чабандын үйүнө барып, тамак сураганын билдиришкен.

Ал булактардын маалыматтары боюнча, чабан ал белгисиз адамдын абактан качкан Азамат Мүсүралиев экенин таанып, милицияга телефон чалган.

Мүсүралиевдин өзү 20-октябрь күнү эртең менен колго түшүрүү маалында милиция тарабынан атылып өлтүрүлгөн — ИИМдин маалыматы боюнча, колго түшүрүү маалында ал каршылык көрсөткөн.

№50 тергөө абагынан качуу

11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан №50 тергөө абагынан тогуз кылмышкер качып кеткен болчу. Качуу маалында алар абактын үч кызматкерин өлтүрүп, дагы бирөөсүн оор жарадар кылышкан, ал алган жараттарынан улам кийин ооруканада көз жумган.

Беш кылмышкерди алыс узатпастан ошол эле түнү колго түшүрүүгө мүмкүн болгон. Дагы бирөөсү — Данияр Кадыралиев —  өткөн апта соңунда «Дордой» базарынын айланасындагы атайын операция маалында атылып өлтүрүлгөн. Милициянын маалыматы боюнча, ал бычак колдонуу менен каршылык көрсөткөн.

Учурда милиция менен атайын кызмат өкүлдөрү эркиндикте калган эки кылмышкерди издеп жатышат: Алтынбек Итибаев менен Эдил Абдрахмановду. ИИМ түрмөдөн качкан кылмышкерлер сырткы көрүнүштөрүн өзгөртүп алган болуулары мүмкүндүгүн билдирүүдө — мисалы, сакалдарын алып. Алардын учурда кандай көрүнүштө болушу мүмкүндүгү көрсөтүлгөн сүрөттөрдү милиция өткөн апта аягында жарыялаган болчу.