Республикалык ллимпиадалык резервдер мектебинин студенттери Бишкектеги №38 мектепте мушташ уюштурушуп, болжолдуу маалыматтар боюнча, алты окуучуну сабашкан. Премьер-министр күнөөлүүлөргө карата «катуу чараларды» көрүүнү тапшырды.

№38 мектепке кол салуу 20-октябрь күнү эртең менен болгон — Республикалык олимпиадалык резервдер мектебинин 50гө жакын студенти колдоруна таяктарды, арматураларды жана таштарды алып мектептин аймагына кирип келишип, бир нече окуучуна сабап жана терезе айнектерин талкалашкан.

«Мектептин коопсуздук кызматынын кызматкерлери аларды токтото алышкан эмес. Жаш спортчулардан турган топ мектептин башталгыч класстар окуган бөлүгүнүн экинчи кабатына көтөрүлүшкөн. Ошол маалда анын далисинде жогорку класстын төрт окуучусу парта көтөрүп бара жаткан. Олимпиадалык резерв мектебинин тарбиялануучулары ал окуучуларды сабап салышкан», — деп жазды «АКИпресс» агенттиги мектептин коопсуздук кызматынын өкүлдөрүнө шилтеме жасап.

Бишкек ШИИБсинин басма сөз катчысы Айгүл Давлетбаева Kloop.kgге милицияга чакыруу эртең мененки саат 7:50дө келип түшкөнүн билдирди — милиция кызматкерлери №38 мектепке барышып, Олимпиадалык резерв мектебинин студенттери беш терезе айнектерин талкалап, бир нече окуучуну сабагандыктарын көрүшкөн.

Учурда кол салуудан жабыркагандардын саны такталууда — болжолдуу маалыматтар боюнча, анда алты окуучу жаракат алган.

«Азыр бул ишти Свердлов РИИБси карап жатат. Кылмыш иши азырынча козголо элек. Иштин чоо-жайы такталууда. Кол салгандардын так саны да азырынча белгисиз», — деди Давлетбаева.

Анын айтымында, милиция Олимпиадалык резерв мектебинин студенттерин суракка алып, учурда алардын кол салууга канчалык деңгээлде күнөөлүү экендиктери такталып жатат.

№38 мектептин жетекчилигинен учурда бул окуя боюнча кеңешме өтүп жатканын белгилешип, түшүндүрмө берүүдөн баш тартышты.

«АКИпресс» агенттигинин маалыматы боюнча, Олимпиадалык резерв мектебинин студенттери эртең мененки саат 8де сабакта болуулары керек болчу, бирок мугалимдин жоктугунан улам алар сабактан кетип калышкан.

Бийликтин реакциясы

Окуя тууралуу белгилүү болгондон кийин Кыргызстандын премьер-министри Темир Сариев мектепке кол салууга күнөөлүүлөргө карата «катуу чараларды» көрүүнү тапшырды.

«Өкмөт башчысы Темир Сариев аталган окуяга окуучулары катышкан Республикалык олимпиадалык резервдер окуу жайдын жетекчилиги жана тренерлеринин жоопкерчилигин кароо тапшырмасын берди. Ал эми окуучулардын ден соолугуна жана мектептин мүлкүнө зыян келтиргендер жана күнөөлүүлөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартуу керектигин айтты», — деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

Өкмөт башчысы мектепке кол салуунун айланасындагы абалды талкуулап жатат. Булак: өкмөттүн басма сөз кызматы.
Өкмөт башчысы мектепке кол салуунун айланасындагы абалды талкуулап жатат. Булак: өкмөттүн басма сөз кызматы.

Басма сөз кызматтын маалыматы боюнча, окуянын себептерин иликтеп чыгуу үчүн башында вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева турган мекемелер аралык комиссия түзүлдү.

«[…] мекемелер аралык комиссия он күндүк мөөнөт ичинде келечекте мындай окуялардын кайрадан кайталанбашы үчүн билим берүү жаатындагы тарбиялык иштерди күчөтүү жана бул жааттагы системалык иштерди карап чыгуу, окуяга себеп болгон жагдайларды жана шарттарды жок кылуу боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыгышы зарыл», — деп жазылган басма сөз кызматтын билдирүүсүндө.

Сариев бул окуядан кийин Республикалык олимпиадалык резервдер мектебиндеги кадрдык саясат кайрадан каралып чыгарын билдирди.