Чек ара кызматы абактан качкан кылмышкерлерди издеп чек ара аймактарын күчөтүлгөн режимде текшерип баштады. Учурда эркиндикте дагы эки кылмышкер калууда.
Казак чек арачылары тарабынан Чүй облусунун Жайыл районундагы «Степное» чек ара заставасына жакын жерден эки белгисиз киши байкалган, деп билдирди Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы.
Чек арадан алыс жүргөндүктөн Казакстандын чек ара күзөтү алардын жаш курагын жана башка белгилерин аныктай алган эмес. Өз кезегинде кыргыз чек арачылары №50 абактан кылмышкерлердин качып кетишинен улам чек ара күзөтү күчөтүлгөнүн билдирди.
«Кечээ [чек арага жакын жерде жүргөн эки белгисиз адам тууралуу] маалымат алынгандан кийин аталган аймакта жайгашкан чек ара күзөтү дароо эле Жайыл районунун «Степное» заставасынын айланасында издөө иштерин уюштурду. Бирок азырынча издөөнүн жүрүшүндө белгисиздер табыла элек», — деди Kloop.kgге Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева.
Ал укук коргоо органдары менен бирге издөө иш-чараларын өткөрүүгө чек ара кызматында жетиштүү каражат бар экенин кошумчалады.
«Биздин башкы максат — мамлекеттик чек араны кайтарууну жана башка өткөрмө бекеттериндеги көзөмөлдү күчөтүү. Биз аларды күчөттүк», — деди басма сөз катчы.
№50 абактан качуу
Учурда эркиндикте 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусундагы №50 абактан качып кеткен тогуз кылмышкердин экөөсү калууда. Качуу маалында алар абактын үч кызматкерин өлтүрүшкөн, дагы бирөөсү өткөн апта соңунда алган жараттарынан улам ооруканада көз жумган.
Чүй облустук милициясы түрмөдөн качкан беш кылмышкерди ошол эле түнү колго түшүргөн. Дагы экөөсү — Данияр Кадыралиев менен Азамат Мүсүралиев «каршылык көрсөтүү аракетинен» улам милиция тарабынан атылып өлтүрүлүшкөн.
Кадыралиев 16-октябрда «Дордой» базарынын айланасында атылып өлтүрүлгөн — анда ИИМден анын колунда бычак болуп, ал милиция кызматкерлерине каршылык көрсөткөндүгүн билдиришкен.
Мүсүралиевди милиция кызматкерлери 20-октябрда ушуга окшош эле шартта Чүй облусунун Сокулук районундагы айылдардын биринде атып жок кылышкан. ИИМден ал мал сарайда жашырынып жүргөндүгүн жана милицияга каршылык көрсөтүү аракетин көргөндөн кийин атылганын билдиришкен.
Учурда милиция менен атайын кызмат өкүлдөрү эркиндикте жүргөн дагы эки кылмышкерди издеп жатышат: Алтынбек Итибаев менен Эдил Абдрахмановду. ИИМ түрмөдөн качкан кылмышкерлер сырткы көрүнүштөрүн өзгөртүп алган болуулары мүмкүндүгүн билдирүүдө — мисалы, сакалдарын алып. Алардын учурда кандай көрүнүштө болушу мүмкүндүгү көрсөтүлгөн сүрөттөрдү милиция өткөн апта аягында жарыялаган болчу.